Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
3-кеңешмеси
2025-жылдын 3-февралы № 30
Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.
Чон-Алыш айыл аймагынын Манас айылынын тургуну Омушев Нурландын кошар жана чабан үй куруу боюнча жазган арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамын аткаруу багытында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” жобону жетекчиликке алып, мурдагы Өмүралиев айыл аймактык Кеңешинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы №115 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү максатында Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү 3-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурдагы Өмүралиев айыл аймактык Кеңешинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы №115 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Чоң-Алыш айыл аймагынын административдик чегиндеги № 387 чөйрө сызыгындагы “Маңдай” участогунан жалпы 0,10 га жер аянтын “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 6-пункттуна ылайык, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
4. Жогоруда аталган мыйзамга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча корутундуларды жана юридикалык иш кагаздарды толуктоо, Талас райондук жер комиссиясына сунуш даярдоо Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Көчөрбаевке милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |