Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 26-февралындагы №1
«17,27 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө»
Ноокен райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 12-февралындагы
№ А25/137-07-00012 сандуу ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүдө сунуштамасынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 сандуу токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун негизинде Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
2.Ноокен райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № А25/137-07-00012 сандуу ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүдө сунуштамасында көрсөтүлгөн 17,27 га жер аянты Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровго милдеттендирилсин.
4.Көзөмөлдөө Укук жана мыйзамдуулук, Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н.Мадалиев |