Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
3-кеңешмеси
2025-жылдын 3-февралы № 34
Муниципалдык менчикте турган эки кабаттуу турак-жай жөнүндө
Чоң - Алыш айыл аймагынын Манас айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги эки кабаттуу турак жайды, Супатаева Нургулгө бала бакча ачуу үчүн арендага берүү боюнча талкулап чыгып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү 3-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айылынын Токталиев Сагынбек 9в дарегиндеги муниципалдык менчиктеги турак жайды Супатаева Нургулгө бала бакча ачууга арендага берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А. Көчөрбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |