Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 14-апрели № 286-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 69-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Автомобиль жолунун параметрлерин жакшыртуу жана өзгөртүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарынын аймагындагы Ч.Айтматов проспектинин автомобиль жолун А.Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин, А.Масалиев көчөсүнөн И. Ахунбаев көчөсүнө чейин реконструкциялоо боюнча долбоордун башкы подрядчысы болуп аныкталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 69-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы белгиленген тартипте:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишти долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жолу менен жүргүзсүн;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти реконструкциялоо аяктагандан кийин Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн автомобиль жолунун бөлүгүн реконструкциялоону республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген тартипте автомобиль жолунун жогоруда көрсөтүлгөн участогун реконструкциялоо боюнча зарыл жол-жоболорду өз убагында жүргүзүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |