Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 1
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 28-августундагы №733 сунуш каты жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Сабиржановдун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура,курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги,турак жай–жарандык курулуш департаменти Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын 27.08.2024-жылдагы №01-7/901 чыгыш сандуу катындагы 2024-жылдын Республикалык бюджеттен каржыланып, курулушу курулуучу обьектилердин тизмесине Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагында курулуучу клиникалык оорукана менен төрөт үйүнүн мамлекеттик актысын жана шаар куруу кортундусун (Г.З) даярдап берүү жогорудагы аты аталган обьектинин баштапкы иш-кагаздарын даярдап берилсе долбоор жасоо башталаарын маалымдагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн 28.08.2024-жылдагы №733 сунуш каты менен тааныштырды.
Бирок 2023-жылдын 2-ноябрындагы Кашкар-Кыштак айылдык кеңешине (жетинчи чакырылышы XXV-сессиясынын №1-токтому менен Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Ф.Ф.Юсуповдун арызынын негизинде Кашкар-Кыштак айылынын №230-контурунда жайгашкан мамлекеттик фонддун 2,0 га сугат айдоо жерине муниципалдык менчиктеги социалдык обьектилерди куруу үчүн максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилген.Азыркы күндө ал жерге эч кандай иш кагаздары даярдалган эмес.Айылдын тургуну Юсупов Фаррух Фахридиновичтин ал жерге төрөт үйүн жана клиникалык оорукана курулса Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы 50 000 ден ашуун калкка ыңгайлуу шарт түзүлөөрүн эске алып өз каалоосу менен №230-контурдан баш тарткандыгын эске алуу менен төрөт үйүн жана клиникалык оорукана курууга өз макулдугун бергендигин депутаттарга маалымдады. Депутаттар кеңири талкуулап чыгып,кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги 2023-жылдын 2-ноябрындагы XXV-сессиясынын №1-токтомунун 2-пунктундагы көрсөтүлгөн Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан №230 контурундагы 2,0 га жер аянтынан өз каалоосу менен баш тартылгандыгы белгиленсин.
2.Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы Кашкар-Кыштак айылындагы №230 контурундагы жайгашкан айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерди трансформациялоого макулдук берилсин.
3.Ала-Тоо айыл аймагындагы Кашкар-Кыштак айылына курулуучу клиникалык оорукана менен төрөт үйүнүн Мамлекеттик актысын жана шаар куруу кортундусун (ГЗ) ж.б мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |