Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 2
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 29.08.2024-жылдагы №735/1 сандуу
чыгыш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн адиси Эдил Тагайбековдун айыл өкмөтүнүн 29.08.2024-жылдагы №735/1 сандуу чыгыш каты менен тааныштырып Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү,Кара-Суу райондук казына бөлүмүнө 2024-жылдын 29-августундагы №164/08 катында көрсөтүлгөн “Чомо” суу пайдалануучулар асоссациясы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн кепилдик катынын негизинде кредит алгандыгын бүгүнкү күнгө чейин карыз төлөнбөй келгендиктен АТРдин негизинде АК-Таш айыл өкмөтү Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү менен бириктирилип Ала-Тоо айыл өкмөтү болгондугуна байланыштуу Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан Кыргыз Рееспубликасынын “Сот аткаруучулар статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү” тууралуу мыйзамынын 64-ст, 1-п, 1 п.п.ылайык Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен токтомдо көрсөтүлгөн акча каражаттарын төлөп берүүгө макулдук берүүнү сунуштады.
Депутаттар бул маселени кеңири карап талкуулап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн эсептик счетун ачуу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде карап иш алып баруу жагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |