Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 3
Ала-Тоо айыл аймагындагы Барак айылынын 2024-жылдын 22-августундагы элдик жыйынынын №2 протоколун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин катчысы С.Т.Топчубаеванын айыл аймагындагы Барак айылынын 2024-жылдын 22-август күнү өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколу менен тааныштырып, Барак айылында бүгүнкү күндө бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгына токтолуп, айылга Жогорку кеңештин депутаты А.Козуев, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын акими менен биргеликте келишип, Барак айылында жалпы 97 үй бузулса ордуна ошончо үй салынып жаткандыгын айтып,андан тышкары 4 үй кошумча салынып жаткандыгын билдиришкен.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Берикбаевдин маалыматы боюнча азыркы учурда 63 турак жай салуу үчүн жер участка бар экендигин айтып анын ичинен алты, жети адамдын өзүнө тиешелүү болгон сегиз сотихтен жерлери бар экендигин аларды өздөрүнө берейли калган сегиз сотихдендин ордуна төрт сотихтен берсек тегиз бөлүнүп берилсе турак жай салуу үчүн арыз жазган жарандардын көйгөйлөрү чечиле тургандыгы боюнча сунуштады жана бул сунушту айылдык кеңештин сессиясында протоколду кеңири карап талкуулап чыгып айылдык кеңештин ссессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ала-Тоо айыл аймагындагы Барак айылынын 2024-жылдын 22-августундагы элдик жыйынынын №2 протоколу бекитилсин.
2.Барак айылынын тургундарына берилүүчү турак жайдын жер аянты сегиз сотихтин ордуна төрт сотихтен берүүгө макулдук берилсин.
3.Турак жай салуу үчүн жер участокторду атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |