Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 4
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 28-августундагы
сунуш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн юристи Эдил Тагайбековдун муниципалдык менчиктеги мүлктү ижарага берүү боюнча Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн CASA-1000 жергиликтүү элди колдоо долбоорунун негизинде сатып алынган бир даана комбайн жана бир даана трактор пресподборщикти ижарага берүүгө макулдук берүү боюнча сунуш катын депутаттар кеңири карап чыгышып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Коомчулуктун жашоо тиричилигин камсыз кылуу боюнча “Низом” айыл чарба кооперативинин жетекчиси Нуридинов Низамидин Шарабидиновичке атайын келишимдин негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Ала-Тоо айыл аймагындагы дыйкандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен мыйзам чегинде ижара келишимдерин түзүп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |