Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 5
Ала-Тоо айыл аймагындагы маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануунун эрежелери жөнүндө жалпы жобону бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин катчысы С.Т.Топчубаева Ала-Тоо айыл аймагындагы маалыматтык жана жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануунун эрежелери жөнүндө жалпы жобосу менен тааныштырып аны бекитип берүүнү сунуштады. Депутаттар кеңири карап чыгышып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагында маалыматтык жана жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануунун эрежелери жөнүндөгү жалпы жобосу бекитилсин.
2.Ала-Тоо айыл аймагында түзүлгөн жобонун негизинде мыйзам чегинде иш алып барылып, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |
“БЕКИТЕМИН” “МАКУЛДАШЫЛДЫ”
Ала-Тоо айыл аймагынын кеңешинин Ала-Тоо айыл аймагынын төрагасы______________ башчысы_____________
Ала-Тоо айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануунун
ЭРЕЖЕЛЕРИ
I.Жалпы жоболор
1.Ала-Too айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун Эрежелери (мындан ары эрежелер) Кыргыз Республикасынын "Жарнама жөнүндөгү", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, "Мамлекеттик тил жөнүндө, "Шаар курулушу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдарга.
2.Бул Эрежелерди сактоо Ала-Too айыл аймагында менчигинин түрүнө карабастан маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууда жеке жана юридикадык баардык тараптар милдеттүү.
3.Ала-Too айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана пайдалануу бул Эржелер белгиленген тартиптерге туура келбесе андагы талаптардын бузулушуна жол бербейт.
Бул Эреже жол кыймылынын белгилери менен көчө-жол тармагынын көрнөктөрүнө таасир этпейт.
II. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
4.Бул Эрежелерде төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар пайдалынылат:
архитектуралык-техникалык корутунду-маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга жана пайдаланууга укукту тастыктаган тексттик жана графикалык материал камтылган белгиленген түрдөгү документ (АТ3)
жарнамалык түзүмдүн ээси - жарнамалык түзүмгө мүлктүк укугу бар жарнамалык түзүмдүн ээси, же жарнамалык түзүмгө анын ээси менен келишим аркылуу ээлик кылган жеке, же болбосо юридикалык тарап;
маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн дизайн-долбоору (эскиз) так жайгашкан жери, маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн өлчөмдөрү менен андагы сүрөттөр жөнүндө текст жана графикалык түрдөгү маалымат камтылган документердин комплектиси (графикалык материал, же фотомантаж);
маалымат-берилүүсүнүн түрүнө карабастан калкка маалымат жеткирүүгө багытталган жана жарнамалык мүнөздө болбогон маалымат (билдирүүлөр, маалыматгар);
жарнама-адамдардын белгисиз чөйрөсүнө даректелген жана жарнамалык объектиге көңүл бурууларына багытталган, же ага кызыгууну колдоону калыптандырган жана анын рыноктогу алгалашына багытталган, болгон мүмкүнчүлүктөр, түркүн түрдөгү каражатгарда пайдалануу менен жайылтыруучу маалымат;
жарнама таркатуучу-жарнаманы ар кандай жол менен ар кандай түрдө жана ар кандай каражаттарды пайдалануу менен таркатуучу адам;
жарнамалык аянт-жарнаманы көрсөтүү жана жайылтуу үчүн пайдаланылган жарнамалык түзүмдүн аянты;
сырткы маалыматты жана жарнаманы таратуу-маалыматтык же жарнамалык түзүмдү пайдалануу жолу менен сырткы маалыматты жана жарнаманы көпчүлүккө көрсөтүү;
социалдык жарнама-ар кандай жол менен ар кандай түрдө жана ар кандай каражаттарды пайдалануу менен таркатылган, адамдардын белгисиз чөйрөсүнө даректелген жана кайрымдуулукка жана башка коомдук пайдалуу максаттарга багытталган, ошондой эле мамлекеттик кызыкчылыкты камсыз кылган маалымат;
ыйгарым укуктуу орган–Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана сырткы жарнама менен маалыматты таркатуу маселелерин жөнгө салууга ыйгарым укук берилген түзүмдүк бөлүм.
Брайл шрифти-азиздер жана көрүүсү начар адамдар жазып окуй турган рельефтик чектүү тактилдик шрифт.
lll.Маалымат менен жарнаманы жайгаштыруунун жана
таркатуунун ыкмалары
5.Маалымат менен жарнаманы жайгаштыруу жана таркатуу төмөндөгүлөрдү пайдалануу менен ишке ашырылат:
-маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү;
-унаа каражатгарын;
-жол боюнча инфраструктура менен көрктөндүрүү элементтерин;
-стационардык эмес.
5.1.Маалымат жана жарнама түзүмдөрдөгү жарнама - маалымат жана жарнама түзүмдөрүндө жайылтуу үчүн жайгаштырылган ушул Эрежелер менен аныкталган жарнама.
5.2.Унаа каражаттарындагы жарнама-ар кандай унаа каражаттарында - жеңил же жүк ташуучу автомобилдин, автобустун сырткы беттерине жайгаштыруу менен таркатылуучу жарнама.
5.3.Инфраструктура жана көрктөндүрүү объектилериндеги жарнама- айылдык коомдук унаанын аялдама комплекстериндеги жарнама түзүмдөрүнө, чакан архитектуралык формаларга, жол боюндагы жарыктандыруучу жана башка түркүктөргө жайгаштыруучу жарнама.
Инфраструктура жана көрктөндүрүү объектилериндеги жарнама түзүмүнүн маалыматтык аянты анын эки тарабынын жалпы аянты менен аныкталат.
Инфраструктура жана көрктөндүрүү объектилериндеги жарнама түзүмдөрү ички жарыктандыруусу менен болууга, электр тармагынан ажыратуучу авариялык жабдуусу болуусу жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүсү керек.
5.4.Стационардык эмес объектилердеги жарнама-стационардык эмес объектилердин түзүмдүк элементтериндеги жарнама (павильон, киоск, тосмо, ж.б.).
Стационардык эмес объектилердин түзүмдүк элементтериндеги жарнама түзүмүнүн маалыматтык аянты пайдаланылуучу тараптардын жалпы аянты менен аныкталат. Жарнама түзүмдөрү ички жарыктандыруусу менен болууга, электр тармагынан ажыратуучу авариялык жабдуусу болуусу жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүсү керек.
5.5.Маалымат жана жарнаманы жайылтуу төмөнкүлөрдү пайдалануу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн:
-басмакананын кыймылсыз постерлери (кагаз, винил ж.б.);
-сүрөттөрдү алмаштыруунун динамикалык тармактарындагы постерлер (роллердик өзгөрүп туруучу тармактардагы же бурулма панелдер тармагы- призматрондор ж.б.);
-электрондук жана проекциялык жабдуулар.
IV.Маалыматтык түзүмдөр. Маалыматтык түзүмдөрдү жайгаштыруунун түрлөрү жана талаптары
6.Маалыматтык түзүм-жарнамадан тышкары маалыматты таркатууга багытталган түзүмдөр, курулмалар, ылайыкташтырылган техникалар, көркөм элементтер жана башка алып жүрүүчүлөр.
Ушул Эржелер менен маалыматтык түзүмдөрдүн төмөнкү түрлөрү аныкталган.
6.1.Витрина-товарлар менен тейлөөлөрдү көрсөтүү,сатып алуучулар тарабынан алардын мазмуну жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө, анын уюштурушу жөнүндө маалыматты жайгаштырууга арналган имараттын, имараттардын айнектелген бөлүгү.
Витрина сөзсүз түрдө товарлардын өзгөчөлүгүн көрсөткөн, кечкиси жарыктандырылып турган жана товарлар менен жасалгаланышы зарыл.
Витринага сатылып жаткан бардык товарлар жана тейлөөлөр жөнүндө каалагандай маалымат жайгаштырууга уруксат берилет, бирок товарлар жөнүндө маалымат саны жана көлөмү боюнча жогору болуууга тийиш (70% жана андан жогору),
Витринага жалпы мамлекеттик же айыл аймактык майрамдарга жана башка коомдук иш-чараларга байланышкан майрамдык маалыматты жайгаштырууга уруксат берилет.
Эгерде витринанын ички тарабына панно (плакат ж.б.) жайгаштырылган учурда витрина жарнак катары каралат.
Витринанын ички тарабында жайгаштырылган витрина түзүмдөрүнө кийинки аралык айнектелген витринадан 15см аралыктан кем эмес болууга тийиш.
Айнектелген витринанын ички тарабына коюлуучу витриналык түзүмдүн, же жарнак панносунун (электрондук алып жүрүүчүлөрдү кошкондо экрандар жана таблолор) эң чоң өлчөмү бийиктиги боюнча айнектелген витринанын жарымынан жана узундугу боюнча айнектелген витринанын жарымынан ашпоого тийиш.
6.2.Көрнөк-жеке жана юридикалык тараптар жайгашкан, же өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жердеги имараттын, курулмалардын жана стационардык эмес соода объектилеринин кире беришине жайгаштырылган маалымат тактасы.
Көрнөк-белгисиз адамдардын чөйрөсүн жеке адам жөнүндө маалымат, же юридикалык тараптын аталышын ишмердүүлүгүн көрсөтүү менен маалымдоо үчүн багытталган такта.
Көрнөктөрдөгү маалымат биринчи кезекте мамлекеттик тилде андан кийин расмий тилде, зарыл болгон учурларда башка тилде жасалгаланат.
Бул учурда башка тилдердеги жазылган жазуулардын өлчөмүн мамлекеттик тилдин текстиндеги тамгалардын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
Көрнөктөрдө декоративдик элементтерди, ошондой эле товарлардын белгиси, же тейлөөнүн белгиси катары белгиленген тартипте катталган тексти, графикалык сүрөттөр менен башка комбинациялардын жайгаштырылышына жол берилет,бул учурда:
- Көрнөк жарнама катары колдоонуусу тийиш эмес;
- Эгерде имараттын бардыгы түзүмдүн ээсинин менчигинде болбосо экинчи кабаттагы терезелердин ылдыйкы деңгээлинен жогору болбоого тийиш;
-дубалдан 25см аралыктан ашык чыкпоого тийиш;
-имараттын алдыңкы бөлүгүнүн-1/6 бөлүгүн ээлөөгө тийиш эмес;
-кечки мезгилде жарыктын жеке ички же сырткы булактары менен жарыктандырылуусу тийиш.
6.3.Каттоо такталары-уюмдун юридикалык катталган толук аталышын, ведомстволук таандыгын чагылдырат.Каттоо такталары имараттын кире беришине жайгаштырылат.Каттоо тактасынын аянты 1,5 чарчы метрден ашпоого тийиш.
Ишкананын, мекеменим, уюмдун жана жайдын аталышы милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде жасалгаланат.
6.4.Маалыматтык тактачалар-уюм жөнүндө маалыматты иш убактысын чагылдыруу менен кире бериш эшикке, же витриналардын айнектерине келгендерге жакшы көрүүнү камсыздаган бийиктикте орнотулуусу мүмкүн.
Маалымат тактачасынын аянты 1.0 чарчы метрден, же 0.3 чарчы метрден кем болбоого тийиш жана тактачалардагы тамгалардын төмөнкү бийиктиги 2 сантиметрден кем болбоого тийиш.
6.5.Көрсөткүчтөр-көчөлөрдүн, аянттардын, өтмөктөрдүн, кыска көчөлөрдүн, долбоорлонуп жаткан (номердик) өтмөктөрдүн, туюк жайлардын, көпүрөлөрдүн, эстакадалардын аталыштары жана үйлөрдүн номерлери (көчө көрнөктөрү); картографиялык маалымат,жүргүргүнчүлөрдү ташуучу айылдык унаанын жүрүүчү жолдору жана күн тартиби, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жайгашкан жерлери.
Көчө көрнөктөрүндөгү тексттер (жазуулар) мамлекеттик тилде жазылат.
Баардык имараттарга жана үйлөргө алардын тиешелүүлүгүнүн, баш ийүүсүнүн жана андагы жашаган жарандардын санына карабастан ирээти менен номер тагылуусу тийиш.
Убактылуу жашоо үчүн курулган курулмаларга (короолор, кампалар, отканалар ж.б.) номер коюлбайт.
Көрнөк тактачаларынын, имараттардын, көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштерине орнотулган тактачалардын тиешелүү абалда орнотулушу жана сакталышы алардын ээлерине тийиш.
Имараттарга номер берүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
-түштүктөн түндүккө багыты бар көчөлөр үчүн - имараттардын номерлеринин жоторулашы түндүккө карай жүргүзүлөт;
-батыштан чыгышты карай багыты бар көчөлөр үчүн - имараттардын номерлеринин жогорулашы чыгышты карай жүргүзүлөт.
Мында жуп сандуу номерлер түштүктөн түндүккө багыт алган көчөлөр үчүн көчөнүн батыш тарабында, ал эми чыгыштан батышка карай багыт алган көчөлөрдүн түштүк тарабына берилет.
Көчөлөрдүн, кесилиштериндеги имараттарга эки номер белгиси жана көчөлөрдүн аттары жазылган тактачалар берилип, алардын бири имараттын кире беришине тагылса, экинчиси имараттын башка жагына тагылат. Калган имараттарга бирден номер берилет.
Жарыялар (аншлаг) бурчтан 20 см алыстыктагы номер белгилеринин алдына илинет.
Жаңы жарыяларды (аншлагтарды) жана номерлерди имараттарга илүү учурунда алардын эскилери алынып ташталат.
6.6.Навигациялык модулдар - жер участокторундагы жана калктуу конуштун аймагын пландоону уюштуруу жөнүндө маалыматты камтыган, инфраструктура, маданий жана тарыхый эстеликтердин, айылдык мекемелер менен уюмдардын, аймактык жана муниципалдык маанидеги (менчик мамыларына, айылдык жарык берүүчү мамыларга, байланыш тармагынын мамыларына) пайдалануу рыногунун ишканалары менен объекттеринин жер тилкелеринде жайгашкан түркүктөргө орнотулуучу эки тараптуу түзүм.
6.7.Маалыматтык такта-өзүнчө турган менчик түркүгүнө орнотулган көрктөндүрүүнүн маалыматтык жалпак элементи.
Маалыматтык такталар көп кабаттуу үйлөрдүн, турак үйлөрдүн, мекемелер менен ишканалардын имаратттарынын кире бериштеринде, ошондой эле Ала-Too айыл аймагынын калкын маалымдоо үчүн багытталган муниципалдык менчик жерлеринде жайгаштырылат.
Маалымат такталарынын эң чоң өлчөмү түзүүго тийиш:
-бийиктиги-1,05м;
-узундугу -0,75 м.
V.Жарнамалык түзүмдөр. Жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруунун түрлөрү жана талаптары.
7.Жарнамалык түзүмдөр – Ала-Тоо айыл аймагынын аймагында жарнаманы таркатуу максатында орнотулган такталар, плакаттар, кермелер, жарык жана электрондук таблолор, ар кандай нерселерге, аэростаттарга ж.б. техникалык каражаттарга сырткы жарнаманы көрсөтүүгө багытталган проекциялык ж.б. жабдуулар.
8.Жарнама-түзүмдөрү жайгаштырылышынын түрлөрү боюнча төмөндөгүдөй бөлүнөт:
- өзүнчө турган (менчигинин түрүнө карабастан жер тилкелеринде жайгаштырылган);
- менчигинин түрүнө карабастан кыймылсыз мүлк объектилерине (имараттар, курулмалар ж.б.) кошуулучу каражаттар;
- жеке долбоорлор боюнча талаптан тышкары аткарылгандар (аба шарлары, аэросттар ж.б. түрлөрү|.
9.Өзүнчө турган жарнамалык түзүмдөр төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
Чакан форматтуу, орто форматтуу, чоң форматтуу жана ири форматтуу.
1О.Чакан форматтууга 6 чарчы метр жарнама аянты бар төмөндөгүдөй жарнама түзүмдөрү кирет.
10.1.Туунун сабы - мамлекеттик жана фирмалык тууларды илүүчү түзүм, имараттар менен курулмалардын дубалдарына атайын кронтейшндерге,ошондой эле жер тилкелериндеги өзүнчө турган түркүктөргө орнотулат.
Өзүнчө турган жарнама түзүмү пайдубалдан, таканчык рамасынан, түркүктөргө жана жумшак кездемеден турат жана тууну көтөрүү үчүн бийиктигин жөнгө салуучу жабдуу менен жабдылган.
Пайдубал эки түрдө жасалышы мүмкүн: бетондун негизинде, же асылма салмагы бар рама менен.
Жарнама аянты айрым турган туулардын баардык тараптарынын курамы менен аныкталат.
Мамлекеттик жана фирмалык туулар туруктуу илинип турушу мүмкүн.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу бийиктиги боюнча башка туулардан кичине жана төмөн болуусу мүмкүн эмес. Туулар эскилиги боюнча жаңыланууга же алынып коюуга тийиш.
Жарнамалык сүрөттүн (кездеме) өлчөмү 1,2м х 0,6м ашпоого тийиш. Туунун саптарынын саны 5 даанадан ашпоого тийиш»
10.2. Көчө баннери (стирт баннери) - айылдын көчөлөрүн жарыктандыруучу түркүктөргө орнотулуучу баннерлерди илүүгө ылайыкталган түзүм. Жарнама түзүмү жарнаманы жайгаштырууга багытталган жумшак кездемеден жасалган керме элементтеринен турат жана жарыктандырылбайт.
Жарнама аянты пайдаланылган тараптардын аянты менен аныкталат.
Стрит толугу менен же жарым жартылай жолдун үстүңкү бөлүгүнө жайгашбоого тийиш. Стрит баннердин төмөнкү жагы жерден 2,5 метрден ылдый болбоого тийиш.
Жолду бөлгөн түркүктөн башка, бир түркүктө бирден ашык стрит баннерди орнотууга жол берилбейт.
Стрит баннердин өлчөмү 1,0м х 1,8м ашпоого тийиш.
10.3.Шаардык-формат (сити формат)-тротуарларга жайгаштырылган, ички жарыктандыруусу бар, жарнамалык эки тараптуу обочо турган жарнамалык түзүм.
Жарнамалык сүрөттүн өлчөмү (бир тарабы) 1,2м х 1,8м.
Сити-форматтын жарнамалык аянты анын эки тарабынан жалпы аянты менен аныкталат.
10.4.Пиллар - үч же төрт кырдан турган, ички жарыктандыруусу бар, обочо турган жарнамалык түзүм.Анын ар бир тикелей кеткен жарнамалык аянты 1,4x3,О м өлчөмүндө болууга тийиш.
Жарнамалык аянт пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
10.5.Тумба-түтүк түрүндөгү, ички жарыктандыруусу бар, обочо турган жарнамалык түзүмү, жарнамалык аянты 3,0 метрге чейин бийиктикте болот.
Жарнамалык аянт пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
10.6. Панель-кронштейн - имараттар менен курулмаларга туурасынан, ошондой эле айыл көчөлөрүн жарыктандырган түркүктөргө тикесинен орнотулган ички же сырткы жарыктандыруусу бар, эки тараптуу жарнамалык түзүм.
Жарнамалык аянт пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
Панель-кронштейн ишкананын көрнөгү менен бир деңгээлде орнотулуп, өчүп жануучу булактары жок болууга тийиш. Бир тараптуу панель кронштейндерди орнотууга жол берилбейт.
Панель-кронштейн орнотуучу ишкананын кире бериш тарабынын узундугу 20 метрден кем болсо бирден ашык панель-кронштейн орнотууга жол берилбейт. Эгерде ишкананын кире бериш тарабынан узундугу 20 метрден ашык болсо кошумча панель-кронштейн орнотууга уруксат берилет. (кире бериш тарабынын ар бир 15метр узундугунда)
Панель-кронштейн төмөнкү бөлүгү жерден 2,5 метр бийиктиктен кем болбоого тийиш. Панель-кронштейн толугу менен, же жарым жартылай 2- кабаттын терезелеринин төмөнкү бөлүгүнөн жогору орнотулууга тийиш эмес.
Өлчөмү 1,2м х 0,8м, калыңдыгы 5 см кем эмес жана 20 см ашык болууга тийиш.
10.7.Жарыя тактасы (афишалык такта) - тротуарларга жайгаштырылган 1 же 2 маалымат аянттары бар жарнамалык түзүм.
Жарыя такталары спорттук ж.б. массалык иш-чаралар, коомдогу окуялар, маданий оюн-зоок, спорттук ден соолукту чыңдоочу мүнөздөгү маалыматтар менен жарнаманы жайгаштырууга багыттаган атайын жарыя тактасы.
Жарыя такталарындагы жарыя материалдарынан тышкары тиешелүү иш-чаралардын демөөрчүлөрү жөнүндө маалымат камтылышы мүмкүн.
Жарыя тактасынын бир тарабындагы маалымат аянтынын өлчөмү 18м м 175м түзөт. Жарыя тактасынын маалымат аянты анын тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
Жарыя тактасынын пайдубалы эки түрдө болуусу мүмкүн: жер менен тең жана жерден жогорку. Жерден жогорку пайдубалды пайдаланган учурда пайдубал милдеттүү түрдө жарыя тактасынын дизайнына төп келген атайын форма боюнча декоративдүү материал менен беттелет.
10.8.Чакан форматтагы жарнама түзүмдөрүнө талаптар:
Пайдубалы эки түрдө болуусу мүмкүн: жер менен тең, жана жерден жогорку,
Түзүм жогорку сапатта аткарылууга, узакка пайдаланууга, чогултуп кайра бузууда жөнөкөй, дат баспаган, бөөдө сындыруудан корголгон материалдардан болууга тийиш.
Айнек беттери коопсуз элементтери дат басуудан 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ченемдик кепилдиги бар мезгил-мезгили менен сырдоону талап кылбаган, ысытылган цинк порошогун колдонуу менен сырдалуусу тийиш.
Чакан форматтагы каражаттардын шайкештик сертификаты болууга тийиш.
11.Орто форматтагы жарнама түзүмдөрүнө жарнамалык аянты 12 чарчы метрге чейинки төмөнкү жарнама түзүмдөрү кирет:
12.1.Суперборд-жарнама жайгаштырууга атайын багытталган сырткы аянты бар, обочо турган такта түзүмү.
Суперборддун бир тарабынын жарнама аянтынын өлчөмү 12,0 м х 4,0м түзөт.
Тактанын жарнама аянты анын тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
12.2.Мегаборд (суперсайт) - жарнама жайгаштырууга атайын багытталган сырткы аянты бар, обочо такта түзүмү.
Суперсайттын маалымат талаасынын бир тарабынын өлчөмү 15,0 м х 5,0м. Жарнамалык аянты пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
12.3.Арка- жарнаманы жайгаштыруу үчүн сырткы аянты бар, пайдубалдан, рамкадан жана жарнамалык аянттан түзүлгөн, обочо турган жарнама түзүмү.
Жарнама түзүмүнүн орнотулган жериндеги мамылардын аралыктары тиги же бул технологиялык,инженердик шарттарга жана жайгашкан жеринин көрүнүшүнө жараша өзгөрүлүп туруусу мүмкүн жана бул учурда түзүмдүн ушул түрүндөгү жарнама аянтынын өлчөмдөрүнө ири форматтагы жарнама каражаттарынын баардык талаптары таркатылат.
Арканын жарнамалык аянты анын пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
12.4.Дубал панно (брандмауэрное паннолору) -терезе тешиктери, витриналары, архитектуралык деталдары, декоративдик дизайны жок имараттардын жана курулмалардын бош каптал бетине жайгаштырылган жарнама түзүм, түрү:
-сүрөт, түздөн-түз дубалга тартылган;
-бекитүүчү элементтен, рамкадан жана жарнама аянтынан турган түзүм.
Дубал панносунун жарнама талаасынын аянты түзүмдүн, же түздөн-түз тартылган сүрөттүн өлчөмдөрү менен аныкталат.
Ташуу учурунда коопсуздукту сактоо максатында бекитүүчү элементтери бар брандмаумэр паннолору үчүн түзүмдү бекитүүгө долбоор иштеп чыгуу милдеттүү болуп саналат.
Брандмауэр паннолору жарыктандырылышы керек.
12.5.Медиа-фасаддар-жарнамалык материалдарды көрсөтүүгө декоративдик архитектуралык деталдары жок имараттардын жана курулмалардын дубалдарынын бетине, же дубалдын пластикасын кайталаган металл рамкага түздөн-түз жайгаштырылган ири форматтагы жарык өткөрүүчү жарнама (дисплей).
Медиа-фасаддын конструкциясы металл, же полимердик тордон турат, ага интегралдык, светодиоддук аппараттар орнотулуп, сүрөттү көрсөтөт.
Медиа-фасаддын жарнама талаасынын аянты жарнама талаасынын өлчөмүнө жана көрсөтүлгөн сүрөттөрдүн санына жараша жекече аныкталат.
Жарнамалык түзүмдү медиа-фасад түрүндө жайгаштырууда терезелердин табигый жарыктандыруусу жана нормативдик инсоляциясы бузулбашы керек.
Конкреттүү имаратка медиа-фасадды жайгаштыруу үчүн аны ташуу учурунда- коопсуздукту камсыз кылуу максатында бүтүндөй имараттын жарнама жасалгалоосунун комплекстүү дизайн-долбоору (эскизи) жана түзүмдүн (тордун) техникалык документтери иштелип чыгат.
Медиа-фасаддар авариялык өчүрүү системасы менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.
Күндүзгү убакта медиа-фасаддардагы сүрөттөрдү көрсөтүү динамикалык эффектерди колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Бирок түнкүсү динамикалык эффектерди колдонуу менен медиа-фасаддарда сүрөттөрдү көрсөтүүгө тыюу салынат.
Түнкүсүн медиа-фасаддардагы сүрөттөрдү өзгөртүү 1 мүнөттө бир жолудан ашык эмес жүргүзүлүшү керек, сүрөттү өзгөртүүнүн узактыгы 10 секунддан ашык болбошу керек жана жарыкты нөлгө чейин акырын азайтуу жана андан кийин жарыкты акырындык менен жогорулатуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
12.6.Стелы-юридикалык жактарды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүү үчүн пайдаланылуучу, көп ишти аткарган комплекстерди, соода жана оюн-зоок борборлорун жайгаштыруу жана иштетүү үчүн юридикалык жактар жайгашкан жерден тышкары жер тилкелерине же аларга жанаша жайгашкан аймактарга орнотулган, жарнаманы жайгаштыруу үчүн сырткы аянты бар, обочо турган жарнама түзүмү.
Стелалар пайдубалдан, түркөктөн, рамкадан, маалымат талаасынан турат жана ички, же тышкы жарыктандырууга ээ. Стеланын капталдарынын саны төрттөн ашпоого тийиш.
Стеланын төмөнкү түрлөрүн орнотууга уруксат берилет:
-чоң (бийиктиги 30м )
-орто (бийиктиги 20м)
-кичинекей (бийиктиги 15м)
Стеланын пайдубалы тротуардын деңгээлинен же жер деңгээлинен чыгып кете албайт. Стела авариялык өчүрүү тармагы менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.
Жарнамалык аянты пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
12.7. Ири форматгагы жарнама каражаттарына талаптар:
Ири форматтагы түзүмдөр сырткы жана ички жарыктандыруусу менен болууга тийиш.
Жер тилкелерине жайгаштырылуучу ири форматтагы түзүмдөргө белгиленген тартипте экспертизадан өтүүгө тийиш болгон долбоордук документация иштелип чыгат.
Жер тилкелерине жайгаштырылуучу ири форматагы түзүмдөр тиешелүү иштерди өткөрүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарда жылына бир жолудан көп эмес техникалык кароодон өтүүгө тийиш.
13.Имараттын кире бериш тарабына, же чатырга орнотулуучу жеке долбоор боюнча даярдалган жарнама түзүмдөрү төмөндөгүдөй элементтерден турууга тийиш:
-жарнамалык аянт (тексттин бөлүгү) - ариптер,арип символдору, аббревиатуралар, сандар;
-көркөм элементтер (логотиптер, белгилер)
-бекитилүүчү элементтери (мейкиндик торчолору).
Жарнамалык аянт жана көркөм элементтер, ички жарыктандыруу менен гана жабдылуусу тийиш.
Жарнама түзүмүнүн жарнамалык аянты түзүмдүн өлчөмдөрү менен аныкталат.
Имараттын кире бериш тарабына же чатырына жайгаштырылуучу жарнамалык түзүмдөгү өзүнчө ариптер менен логотиптерди орнотууда анын сүрөтүн алмаштырууга технологиясынын, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдүн, кыймылдуу бөлүктүн жардамы, ошондой эле медициналык технояогияларды пайдаланууга жол берилбейт.
Жарнамалык түзүмдүн бийиктиги:
-1 жана 2 кабаттуу обьектилер үчүн 0,8 метрден ашпоого;
-З жана 5 кабаттуу обьектилер үчүн 1,20метрден ашпоого;
-6 жана 9 кабаттуу обьектилер үчүн 1,80 метрден ашпоого;
Эгерде жарнамалык түзүмдө товардык белги менен тейлөө белгисинин сүрөтү бар болсо айрым маалымат аянтынын, же чатырдагы жарнамалык түзүмдүн көрсөтүлгөн товардык белгилери, тейлөө белгилеринин сүрөтү кирген болсо анын бийиктиги пункта көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөн ашуусу мүмкүн, бирок 1/5 эседен көп эмес.
Обьектинин чатырына орнотулуучу жарнама каражатынын узундугу ал орнотулуучу кире бериш тарабынын узундугунун 70% нан ашпоого тийиш.
Жарнамалык түзүмдүн бекитүүчү элементтери түзүмдүн капталы жана үстү боюнча периметринен чыкпоого тийиш. Чатырдагы жарнама түзүмүнүн маалыматтык аянтынын аралыгы парапеттен төмөнкү жагына чейин 1 метрден ашпоого тийиш.
14.1.Курулуш объектилериндеги жарнама-курулуш, же реконструкцияланып жаткан объектилердин убактылуу тосмолорунда, же курулуп, реконструкцияланып жаткан имараттын маңдайкы бетине жайташтырылуучу жарнама.
Жарнаманын аянты түзүмдүн өлчөмдөрү же тартылган сүрөттүн өлчөмдөрү менен аныкталат.
Кошумча жасалгалоо иретинде жүргүзүлүп жаткан курулушта анын мурдагы тарыхый орду жөнүндө графикалык сүрөттөр менен фото документер пайдаланылышы мүмкүн.
Курулуш аянтынын тосмосуна жайгаштыруулусу мүмкүн:жер бетинен 03 метрден кем эмес бийиктиктеги бир бүтүн лента орнотулган көркөм жасалгалоо, жарнама, социалдык плакат,ж.б.маалымат. Жарнама түзүмүнүн бийиктиги долбоор менен аныкталып, объектини куруу учурунда жолтоо болбошу керек.
14.2.Стандарттуу эмес жарнама түзүмдөрүнө талантар архитектуралык-техникалык документация менен бекемделет.
VI .Жалпы талап жарнамалык иш-кагаздарын алуу боюнча
15.Архитектураяык-техникалык корутунду (АТК) жарнамалык каражаттарын орнотуу иш-кагаздарын архитектура органы, тагыраак айтканда Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, тарабынан берилет.
15.1.Жеке же юридикалык жактар жарнамалык объектисин орнотуу боюнча иш-кагаздарын (атк) алуy үчүн “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына кайрылат.
16.Эгерде орнотулуучу жарнак каражаты Кыргыз Реслубликасынын "Жарнама жөнүндөгү", "Шаар курулушу жана архитектура жөнүндөгү" мыйзамдарга жана нормативдик укуктук актылардын ылайык келген учурда Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 14 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө архитектуралык-техникалык корутунду (АТК) иш-кагаздары даярдалып берилет.
17.Архитектуралык-техникалык корутунду (АТК) 1(6ир) жылдык мөөнөт менен мөөнөтүн узартуу шартында берилет.
VII. Маалыматык жана жарнамалык жалпы түзүмдөргө берилет.
18.Ала-Too айыл аймагында жайгаштырылган маалыматтык-жарнамалык курулмалар техникалык регламенттердин, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин, мамлекеттик стандарттардын, архитектуралык-техникалык документтердин талаптарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарына жана башка талаптарга ылайык даярдалган жана орнотулушу керек. Тышкы архитектуралык-көркөм көрүнүшүн бузбоого жана маалыматтык-жарнамалык конструкциялардын эстетикалык мүнөздөмөлөрү алар жайгашкан обьекттин стилине ылайык келишин камсыз кылуууга тийиш.
Түзүмдөрдү даярдоодо колдонулуучу материалдар заманбап сапат талаптарына жооп бериш керек.
18.1.Ала-Тоо айыл аймагында социалдык маалыматтык түзүмдөрү азиз жана көрүүсү начар адамдар маалыматка жетүү үчүн Брайл шрифти менен кайталанышы зарыл.
19.Ала-Too айыл аймагында маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрүн жайгаштырууга жана маалыматы жана жарнактарды жайылтууга архитектуралык-техникалык документтер жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксат болгон учурда тана жол берилет.
20.Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрдүнүн сырткы көрүнүшү бүтүндүккө ээ болууга тийиш; тыкан боёлгон рамкалар; кечки убакта жарыктануусу бар түзүмдөр.
Мындан тышкары түзүмдүн элементтерде боштуктар, дат жана кир, ашыкча элементтер (аркан ж.б.) чапталып жарнактар жана башка маалымат билдирүүлөр, механикалык бузуулар,жарнама полотносунун айрылышына,ошондой эле бардык бөлүктөрүндө жана түзүмдүк элементтерине бөтөн жазуулардын жана сүрөттөрдүн болушуна жол берилбейт.Түзүмдүк элементтери жашырылган же эстетикалык жактан иштелип чыккан көрүнүшкө ээ болушу керек.
21.Түзүмдөрдү тийиштүү формага келтирүү муктаждыгына жараша менчик ээлери тарабынан туруктуу негизде жүзөгө ашырылат.
22.Көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында тышкы жарнама каражатарында жарнама жок болгон учурда жарнаманы таратуучу социалдык жарнаманы жайгаштырууга милдеттүү.
23.Ала-Too айыл аймагындагы айрым түзүмдөрдө маалыматты же жарнаманы жайгаштыруу же алмаштыруу түн ичинде (саат 22:00дви 06:00ге чейин) жүргүзүлүшү керек.
24.Коомдук жайларда жарнама түзүмдөрүнүн иштеши жөө жүргүнчүлөрдүн эркин өтүшүн, көчөлөрдүн жана тратуарларды тазалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
25. Жарнама түзүмдөрүнүн конструкциялык бекемдөөчү жана бекитүүчү элементтери (болттуу байланыштар, таяныч элементтери, технологиялык жоолуктар ж.б.) жасалгалоочу элементтер менен жабылууга тийиш.
26.Тышкы жарнаманы же маалымат каражаттарынын ээлери көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында, анын ичинде электрондук сүрөтү бар жарнама түзүмдөрү өзгөргөн учурда, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыкчам чара көрүүгө милдеттүү.Турак жай жана коомдук имараттарды табигый,жасалма жана айкалыштырылган жарыктандыруу талаптарын бузуу менен технология аныкталган, эксплуатацияланган, жарнама түзүмдөрүнүн менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси аныкталган бузууларды жоюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде аныкталган бузууларды четтетүү мүмкүн болбосо, жарнама түзүмүнүн менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси сүрөттү өзгөртүү технологиясын өзгөртүүгө милдеттүү.
27. Жол кыймылынын коопсуздугунун талаптары
27.1. Жарнама түзүмдөрү тийиш змес:
-жол кыймылын уюштуруучу техникалык каражаттардын көрүнүшүн далдаалап чектеши, же кыймылдын катышуучуларынын кабылдашына таасир этип жолтоо болууга;
-жол кыймылынын катышуучуларын жарыгы менен, анын ичинде түзүмдөн чагылышуу аркылуу көздү тайгылдырууга;
-инженердик курулмалардын асма кураманын жайгаштырууда алардын өлчөмдөрүн кичирейтүүгө;
-жөө адамдардын кабылдашы үчүн, тактап айтканда алар сүрөттү көрүү үчүн жолго чыгууга мажбур болгудай жайгаштырылууга;
-угуусу жакшы адамдарга автомобиль жолдорунун чектеринде угулушу мүмкүн болгон үндү чыгарууга.
27.2.Жарнама аянтына жараша жолдун бир капталына жайгашкан жарнама түзүмдөрүнүн аралыктары кем болбоого тийиш:
- 6 чарчы метрге чейин - 20 метр;
- 12 чарчы метрге чейин - 60 метр;
- 20 чарчы метрден 18 чарчы метрге чейин - 100 метр;
- 18 чарчы метрден жогору -150 метр;
27.3. Жарнама түзүмдөрүн жол боюнда жайгаштырууда жолдун четине чейинки аралык 3 метрден кем болгон учурда түзүмгө автоунаалардын урунушунун алдын алуу үчүн жол тосмолору орнотулушу тийиш.
27.4. Жарнамалык,же маалыматтык тактанын жол бетинен,болбосо жер бетинен бийиктиги 2,5 метр, ал эми жолдун үстүнө орнотула турган болсо 4,5 мерден кем болбоосу тийиш.
27.5.Жарнаманы ички,же сырткы жарыктандырууда жарык берүүчү жабдуулар жарыктын жол бетине тикелей тийишине мүмкүндүк бербегидей болуп орнотулууга тийиш.
27.6.Жарнама түзүмдөрү менен светофорго чейинки аралык таблицада көрсөтүлгөндөн кем болбоого тийиш.
Кыймылдын ылдамдыгы (9км/саат) | Жарнама түзүмүнүн аянты (чарчы метр) | |||
| 18ден жогору | 12ден 18ге чейин | 6 дан 12ге | 6дан аз |
60 | 100 | 60 | 40 | 25 |
28.Түрлөрү боюнча жарнама түзүмдөрүн аймактык жайгаштыруу талаптар.
28.1. Ала-Тоо айыл аймагында түрлөрү боюнча жарнама түзүмдөрүн жайгаштырууга талаптар жарнама түзүмүнүн, же кыймылсыз мүлк ээсинин ээлик кылууларынын түрлөрүнө карабастан айыл аймагына орнотулган жарнама түзүмдөрүнүн баардыгына колдонулат.
28.2.Ушул Эрежеде көрсөтүлгөн тиешелүү аймактарга анда жайгашкан жалпы пайдалаанылуучу жолдун бөлүктөрү, кыймылсыз мүлк (имараттар, курулмалар), стационардык эмес объектилер кирет.
28.3.Ушул Эрежеге ылайык ар бир аймактар үчүн айрым түзүмдөрдү ошол аймактарга жайгаштырууда шарттуу бөлүүлөргө жол берилет.
29.Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултуу, бузуу жана пайдалануу учурундагы талаптар.
29.1.Маалыматтык же жарнама түзүмдөрүн чогултуу, бузуу жана пайдалануу боюнча иштер архитектуралык-техникалык документацияга ылайык аткарылууга тийиш.
29.2. Жер тилкелерине жайгаштырылуучу маалыматтык же жарнама түзүмдөрүн пайдубалы жана аларды орнотуудагы башка жер иштерин өткөрүү белгиленген тартипте иштелип чыккан жер иштеринин өндүрүшүнө ордердин негизинде жүргүзүлөт.
29.3. Маалыматтык же жарнама түзүмдөрүн чогултуу учурунда жолдун, же көчөнүн бир бөлүгүн ээлөө үчүн убактылуу тосуу жөнүндөгү маалымат жолдорунун кооосуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү аймактык бөлүмгө иш башталганга чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен берүүгө тийиш.
29.4.Түзүмдүн ээси, же мыйзамдуу ээси жарнама түзүмдөрүн чогултуп, же бузуп бүткөндөн кийин төмөндөгүдөй мөнөттө аймакты көрктөндүрүп жана объектини калыбына келтирүүтө милдеттүү:
29.5.Түзүмдүн ээси, же мыйзамдуу ээси маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултууда,бузууда жана пайдаланууда шарттарды бузуунун негизинде пайда болгон баардык коопсуздук эрежелеринде, ошондой эле бузуулуу жана авариялык кырдаалдар үчүн жоопкерчиликтүү.
29.6.Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултуу боюнча иштер аяктагандан кийин түзүмдүн ээси, же мыйзамдуу ээси үч күн аралыгында ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.
VIII.Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн жайгаштырууга байланышкан чектөөлөр
30.Ала-Too айыл аймагында маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн жайгаштырууга жана пайдаланууга тыюу салынат:
Жол кыймылын уюштурууну техникалык каражаттары менен атайын белгилери, ошондой эле жолдо бараткан жөө адамдарга, унаа каражаттарына жаныбарлардын ж.б, нерселерге, объектилерге окшоштугу бар (сырткы көрүнүшү, сүрөтү, же үн белгилери боюнча) жол-унаа кырдаалын баалоону кыйындаткан кырдаалда;
Жол кыймылын жөнгө салууга багытталган жол белгилери, светофор түркүктөрү, же башка ар кандай жабдуулардын бир түркүктө жайгашышына;
Жолдордун авариялык кооптуу тилкелеринде;
-темир жол өткөөлдөрүндө жана ага 50 метрден жакыныраак жайгашкан белгилерди. Бул учурда темир жол өткөөлдөрүндө белгилерди жакын жайгаштыруу темир жол башкармалыгынын тиешелүү органы менен макулдашкан учурда мүмкүн.
- учурдагы колдонулуп жаткан мамлекеттик стандарттар менен ченемдик актыларга ылайык аныкталган “Трансорт-транспорт” жана "Транспорт-жөө адам" үч бурчтуктарынын көрүнүшүнүн чектеринде;
-жол тосмолорунда жана багыттоочу жабдууларда;
-көчөлөр менен жолдордун 4% эңкейиши бар бөлүктөрүндө;
-каттам унаа каражаттарынын аялдамаларына 25 метрден жакын;
-өзүнө кыймылдуу элементтерди, сүрөттөрдү камтыган, айрыкча бүтүндөй жарнама, же маалымат бир убакта толугу менен көрүнбөй жол кыймылынын катышуучуларына окулуу убактысы созулуу менен пайдаланууга тыю салынат;
-автомобиль жолдорунун жөө адамдар басуучу жолдордун, унаа каражаттарынын токтоочу аянттарынын, имараттан тышкары жөө адамдар басуучу башка жайлардын үстүнө, чарба жүргүзүүчү субъектер, товарлар, иштер, тейлөөлөр, соода объектилери ж, б. пайдалануу менен чачыратуу аркылуу жарнамаларга жана cүрөттөргө жазууга;
-айылды гүлдөр менен жасалгалоо үчүн пайдаланылуучу аймактарда, ошондой эле жөө адамдар жүрүүчү жолдорго орнотуудан, ошондой эле текстер жазылган учурдан тышкары учурларда чет элдик аталыштардын латын тамгасы менен жазылышы;
-жумшак негизде жасалып, пайдалануудагы электр түркүктөрүнө жолдун үстүнө тартылган транспаранттар, кермелер;
-маалымат менен жараша жайгаштырылбаган түзүмдөргө сүрөттөрдү алмаштыруу боюнча иштерди өткөрүүгө кеткен убакыттан тышкары, бирок 3 саттан ашык эмес;
-геометриялык өлчөмдөрүн бузуу менен;
-белгиленген талаптарды бузуу менен;
-маалымат аянтында тамгаларды тикелей жайгаштыруу менен;
-чатырын кошо алганда биринчи жана экинчи кабаттын ортосунан жогору эмес;
-имараттардын чатырынын кырларына;
-эшик-терезелерди, ошондой эле витраждар менен витриналарды толук жабуу (калкалоо);
- чатырларда, лоджиялардын, балкондордун чатырында жана алардын өзүндө;
- дубалдагы көрнөктөрдүн биринин үстүнө бирин;
- айнектелген витриналардын бетин сырдоо, же аларга декоративдүү пленкаларды чаптоо;
-картонду,кездемени,баннердик кездемени пайдалануу менен жасалган көрнөктөрдү (афишадан, тышкары);
-обочодо турган чогултуп-бузула турган (жыйналуучу)|түзүм-штендер түрүндөгү көрнөкдөрдү;
-курулуш бүтпөгөн объектилердин сырткы беттериндеги көрнөктөрдү.
IX.Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү бузуу
31.1. Белгиленген талаптарга ылайык келбеген маалыматтык жана жарнамалык түзүм аныктаган түзүм жөнүндө маалыматты Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жөнөтөт.
31.2.Түзүмдү белгиленген талаптарга ылайык келтирүү анын ээсинин жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Ыктыярдуу түрдө түзүү же бузуу анын ээси тарабынан объектинин жайгашуучу орду объект жайгаштырылганга чейин кандай абалда болсо, түзүм бузулгандан кийин ал орунду алгачкы көрүнүшүндөгү калыбына келтирүү жолу менен ишке ашырылат,
31.3.Эгерде түзүм анын ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө белгиленген мөөнөттө бузулбаган болсо, маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү бузууну уюштуруу ыйгарым укуктуу орган болгон жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.
31.4.Ыйгарым укуктуу орган болгон Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бузууну, сактоо үчүн атайын уюштурулган жайга жөнөтүүнү жана сактоону уюштурат.
Ыйгарым укуктуу орган болгон Жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү бузуу иштерин аткаргандан кийин аткарылган иштер жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга жиберет.
31.5.Бузулган маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү сактоо үчүн атайын уюштурулган жайга жөнөтүү иштери ага бузулган күнү, материалдык баалуулугу жана өткөрүп берүү, өткөрүп алуу актысын түзүү менен 30 жумушчу күндөн ашпаган убакытка сактоону ишке ашырат.
Бузуу жана сактоо боюнча аткарылган иштердин чыгымдары Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн ээсинин, же башка мыйзамдуу ээсинин эсебинен.
Түзүмдүн ээси, же башка мыйзамдуу ээси тарабынан мажбурлоо иретинде түзүмдү бузуу, сактоо үчүн атайын уюштурулган жайга жөнөтүү иштерине кеткен чыгымдардын орду толтурулгандан кийин түзүм белгиленген тартипте ээсине кайтарылат.
31.6.Эгерде маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн бузулган күнүнөн 30 жумушчу күндөн ашык убакыт өткөндөн кийин маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн мыйзамдуу ээси сактоочу жайдан түзүмдү алып кетпесе Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүмдү ээсиз деп табуу жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.
Эгерде алынып кетпеген маалыматтык жана жарнамалык түзүм сот тарабынан ээсиз деп табылса, ал муниципалдык менчикке өтөт.
31.7. Мажбурлоо иретинде бузуу, сактоо үчүн атайын уюштурулган жайга жөнөтүү учурда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүмдүн сакталышына, андагы жабдуулар менен башка мүлктүн абалына жоопкерчиликтүү эмес.
Х. Ушул Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик
32.Маалыматтык жана жарнамалык түзүмгө уруксаты жок, же техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын бузуу менен маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштырылгандыгы үчүн түзүмдүн ээлери Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.
32.1.Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жакшы абалда кармоого, түзүмдөрдүн сырткы көрүнүшүнө талаптардын бузулгандыгы жана башка ушул Эрежелердин бузулушуна жоопкерчилик Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына, Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске, башка ченемдик-укуктук актыларга жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мүлкү болгон жарнама түзүмүнө жайгаштырууга жана пайдаланууга ылайык жоопкерчилик түзүмдүн ээлерине (юридикалык тараптар, кызмат адамдарды жана жеке адамдар) жүктөлөт.
Жоопкерчилик чараларын колдонуу бузуучулардын кетирилген кемчиликтерди жоюу милдеттенмелеринен бошотпойт.
Айылдык кенешинин төрагасы С.П.Машрапов