Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
3-кеңешмеси
2025-жылдын 3-февралы № 39
Салыктык ставкаларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379 жана 380 беренелерине ылайык, имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн салыктын ставкасы 2025-2027 жылдарга бекитүү боюнча талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү 3-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл аймагы боюнча 2025-2027 жылдарга салыктын орточо ставкасы 1кв.метрге 16,75сом болуп бекитилсин.
2. Тиешелүү токтом менен иш алып баруу жагы Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы А. Көчөрбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |