Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 7
Ала-Тоо айылдык аймагынын 2024-жылдын 29-августундагы элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Берикбаевдин Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан №51 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин башталгыч класс окуучуларына ыссык тамак берүү үчүн мектептин имаратынын бөлмөлөрүн учурдагы оңдоп түзөө иштерин ишке ашыруу максатында Ош облустук өнүктүрүү фондунан 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражатын бөлдүрүп берүү боюнча суранып жаткандыгын айтып, депутаттардан колдоп берүүнү сунуш кылды. Айылдык кеңештин депутаттары бул маселени карап чыгышып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айылдык аймагынын 2024-жылдын 29-августундагы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин.
2.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак айылындагы №51 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин башталгыч класс окуучуларына ыссык тамак менен камсыз кылуу үчүн мектептин имаратындагы бөлмөлөрдү учурдагы оңдоп түзөө иштерине 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражатын каржылоо жагын Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3.Ош облустук өнүктүрүү фондуна кайрылуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |