Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 8
Ала-Тоо айылдык аймагындагы Барак айылынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-августундагы №738 чыгыш катын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Сабиржановдун Өзбек республикасынан көчүрүлүп келген Жаңы Барак айылынын тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн атайын суу скважинасын бургалап чыгарып, көчөлөрүнө суу түтүктөрүн тартып, жашоочулардын ар биринин үйлөрүнө чейинки суу түтүктөрүн киргизип аларды таза суу менен камсыз кылуу максатында Ош облустук өнүктүрүү фондунан 28 000 000 (жыйырма сегиз миллион) сом акча каражатын бөлдүрүп берүү боюнча 2024-жылдын 29-августундагы №738 сунуш каты менен тааныштырып, депутаттардан колдоп берүүнү сунуш кылды. Айылдык кеңештин депутаттары бул сунушту карап чыгышып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айылдык аймагынын 2024-жылдын 29-августундагы №738 сунуш каты эске алынсын.
2.Барак айылынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен толук кандуу камсыз кылуу үчүн аткарыла турган иштерине 28 000 000 (жыйырма сегиз миллион) сом акча каражатын каржылоо жагы Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Ош облустук өнүктүрүү фондуна кайрылуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |