Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
4-кеңешмеси
2025-жылдын 11-марты № 40
Манас айылынын тургундары У. Маматбеков жана уулу У. Кеңешбековдор Туркия мамлекетине дарыланууга барууга жардам берүү боюнча
Манас айылынын тургундары У. Маматбеков жана уулу У. Кеңешбеков ооруп калгандыктарына байланыштуу, Манас айылынын тургундары тарабынан марафон уюштурулуп жаткандыгы боюнча талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. У. Маматбеков жана У. Кеңешбековдорго Туркия мамлекетине дарыланууга баруу үчүн айыл өкмөтүнүн 2025-жылга эркин каражатынын 3111 беренесине бөлүнгөн акчадан 100 000 сом жардам катарында бөлүнүп берилсин.
2. Токтом менен иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А. Көчөрбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |