Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-январы № 18
Кыргыз Республикасынын аймагына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү жана эсепке алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27-позициясына ылайык тарифтик квоталар белгиленген жана лицензияларды берүү каралган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүү жол-жоболорун тартипке келтирүү, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишимдин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен шайкеш келтирүү, эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү тартибин өркүндөтүү, жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жана ата мекендик кайра иштетүүчү ишканаларды артыкчылыктуу колдоону камсыз кылуу максатында, "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8 жана 14-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү жана эсепке алуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн жана эсепке алуунун тиешелүү эрежелери бекитилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 "Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 "Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |