Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
4-кеңешмеси
2025-жылдын 11-марты № 42
Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн биринчи кабатын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп, жыйындар зал жана айылдык кеңештин төрагасынын кабинетин уюштуруу жөнүндө
Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн биринчи кабатын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп, жыйындар зал жана айылдык кеңештин төрагасынын кабинетин уюштуруу боюнча талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн биринчи кабатын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп, жыйындар зал жана айылдык кеңештин төрагасынын кабинетин уюштурууга айыл өкмөтүнүн 2025-жылга эркин каражатынын 3111 беренесине бөлүнгөн акчадан 1 400 000 сом бөлүнүп берилсин.
2. Аталган токтом менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Көчөрбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |