Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 12-февралы № 111-чуа
КР КЧ 31-14:2026 «Кыргыз Республикасынын сотторунун кызматтык жайларын долбоорлоо» Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жана колдонууга киргизүү жөнүндө
Архитектуралык-курулуш ишиндеги ченемдик базаны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын сотторунун имараттарын архитектуралык, функционалдык-пландоо, конструктивдик жана инженердик долбоорлоого бирдиктүү, ченемдик жактан бекитилген талаптарды белгилөө максатында, «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 4-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» Жобосун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Бул буйруктун тиркемесине ылайык КР КЧ 31-14:2026 «Кыргыз Республикасынын сотторунун кызматтык имараттардын жайларын долбоорлоо» Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдери бекитилсин жана колдонууга киргизилсин.
2. Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтому менен белгиленген тартипте ушул буйруктун расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрүн эки нускада кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин www.egov.kg расмий сайтында 2026-жылдын 13-февралында жарыяланды.
Министр |
| Н.К. Орунтаев |