Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
4-кеңешмеси
2025-жылдын 11-марты № 44
Чоң-Алыш муниципалдык ишканасына субцидия берүү жөнүндө
Чоң-Алыш айыл аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү, айылдагы негизги трасса чоң жол боюндагы, мекеме-уюмдардын жана айылдардын ички көчөлөрүндөгү таштандыларды чыгаруу, таштанды таштоочу жайдын тегерегин түртүп тазалоо, тазаланып чогулган таштандыларды чыгаруу, өзгөчө кырдаалдар учурундагы айыл өкмөтүнүн зарыл иш чараларын аткаруу боюнча талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш муниципалдык ишканасына аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү, айылдагы негизги трасса чоң жол боюндагы, мекеме-уюмдардын, айылдардын ички көчөлөрүндөгү жана субботник учурундагы таштандыларды чыгаруу, таштанды таштоочу жайдын тегерегин түртүп тазалоо, өзгөчө кырдаалдар учурундагы айыл өкмөтүнүн зарыл иш чараларын аткарууга айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетинен 500 000 сом субцидия бөлүнүп берилсин.
2. Аталган токтом менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Көчөрбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |