Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
4-кеңешмеси
2025-жылдын 11-марты № 46
Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн АФМЖ жерлеринин аукционго даярдоо боюнча жер комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Чоң-Алыш айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик кайра бөлүштүрүү жерлерин жазгы аукционго даярдоо максатында Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ - чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АФМЖин аукционго даярдоо боюнча АФМЖин ижаралоо боюнча атайын комиссиясынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 5 протоколунда 9 пунктан турган сунуштама бекитилсин.
2. Аталган токтом менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Көчөрбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖЕР КОМИССИЯСЫНЫН КЕҢЕШМЕСИНИН ОТУРУМУ
ПРОТОКОЛУ
10.02.2025-жыл | № 5 | Манас айылы |
Төрагасы – Кадырбек уулу Иман
Катчысы – Н.Тотоева
Катышкандар:
Комиссиянын мүчөлөрү – 6
КҮН ТАРТИБИ:
1. АФМЖ нын жерлерин аукционго даярдоо
Угулду: Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты, АФМЖнин ижаралоо боюнча комиссиянын төрагасы Кадырбек уулу Иман – Чоң-Алыш айыл аймагындагы 2025-жылга АФМЖнин бааларын, ижара мөөнөтүн, шарттарын, лотторго бөлүштүрүү ж.б маселелер боюнча отурумду ачык деп жарыялайбыз.
ЧЫГЫП СҮЙЛӨШТҮ:
Угулду: Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, турак жай маселелери боюнча башкы адиси А.Сахидинов - 2025-жылдын жазгы аукционго 12 лот (11,5 га) сугат айдоо, 20 лот (114,4 га) кайракы айдоо жерлерине лоттор коюлду. Комиссия мүчөлөрү мурда берилип келген ижара акыларын карап, бүгүнкү күндө өсүп жаткан инфляцияны аныктап жана ошондой эле коюлган жерлерге сугат суусунун келүүсүңө карап баштапкы баасын бекитиүү керектелет.
Угулду: Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, турак жай маселелери боюнча адиси М. Эсеналиев - Кайракы жерлердин баштапкы баасын 1 (бир) гектарына 500 сомдон, ал эми сугат жерлердин “Буканын жерине” 15 000 сом баштап, “Мырзатай” 5 000 сомдон “Чаңдак” 12 000 сомдон баштап, Жогорку Чаңдак 8 000 сом баштап, “БСРдин” алды 13 000 сомдон баштап, “Стамбек” 10 000 баштап коюуну сунуштайм.
Угулду: Комиссия бир добуштан макул болушту.
Угулду: Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты, АФМЖнин ижаралоо боюнча комиссиянын мүчөсү, Анарбек уулу Аман – “Мырзатай” айдоо жериндеги 0,90 га сугат жерин мурдагыдай эле кедей кембагалдарга түз берүүнү сунуштайм. Канча убакыттан бери Кара-Суу айылынын тургуну Турсунбек уулу Шайлообек ДЦП менен ооруп 2 топтогу майып. Айыл өкмөтүнөн көмөкчү чарба жүргүзүүгө жардам сурап жүрөт. Ушул жерди Турсунбек уулу Шайлообекке баасын 5 000 кылып берүүнү сунуштайм.
Угулду: Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты, АФМЖнин ижаралоо боюнча комиссиянын төрагасы Кадырбек уулу Иман – “Мырзатай” айдоо жериндеги 0,90 га сугат жерин 5 000 сомго Турсунбек уулу Шайлообекке түз берүү туурасында сунушту добушка коем.
Угулду: Комиссия бир добуштан макул болушту.
Угулду: Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты, АФМЖнин ижаралоо боюнча комиссиянын төрагасы Кадырбек уулу Иман – Аукционго катышууга кепилдик төлөмдүн баасын 1000 сом бекитүүнү сунуштайм.
Угулду: Комиссия бир добуштан макул болушту.
Угулду: Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, турак жай маселелери боюнча башкы адиси А.Сахидинов - Ижаралоо мөөнөтү сугат жерлери үчүн 1-3 жылга чейин, кайракы айдоо жерлери 1 жылга берүүнү жана кайракы жерлерге суу тартуу, тамчылатып сугаруу жолдорун колдонгон дыйкандарга көп жылдык ижаралоо жагын сунуштайм.
Угулду: Комиссия бир добуштан макул болушту.
Чоң-Алыш айыл аймагынын жер комиссиясынын кеңешмесинин отурумунун АФМЖ жерлерин аукцион өткөрүү боюнча отурумунун кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сугат жерлердин баштапкы баасы “Буканын жерине” 15 000сом, “Чаңдак” 12 000 сом, Жогорку Чаңдак 8 000 сом “БСРдин” алды 13 000 сом, “Стамбек” 10000 сом, “Мырзатай” 5 000 сом болуп бекитилсин.
2. “Мырзатай” участогундагы 0.90 га сугат жери Турсунбек уулу Шайлообекке 3 жылдык мөөнөт менен 5 000 сомго ижарага берилсин.
3. Сугат жерлерине коюлган лоттордун ар бир арымы 500 сом болуп бекитилсин.
4. Кайракы жерлердин баштапкы баасын 1 (бир) гектарына 500 сом болуп бекитилсин.
5. Кайракы жерлерине коюлган лоттордун ар бир арымы 200 сом болуп бекитилсин.
6. Кепилдик төлөмдүн баасы 1000 сом болуп бекитилсин.
7. Сугат лотторунун ижара мөөнөтү 1-3 жылга чейин
8. Кайракы лотторунун ижара мөөнөтү 1- 5 жылга чейин
9. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн АФМЖнин ижаралоо боюнча комиссиянын отурумунун токтомун жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитүү жагы сунушталсын.
Төрагасы – Кадырбек уулу Иман |
| __________________ |
|
|
|
Катчысы – Н.Тотоева |
| __________________ |
Комиссия мүчөлөрү:
|
|
|
|
|
|
Козубак уулу Мүзүркан |
| ___________________ |
|
|
|
Т. Шаршеналиев |
| ___________________ |
|
|
|
Анарбек уулу Аман |
| ___________________ |
|
|
|
А. Сахидинов |
| ___________________ |
|
|
|
М.Эсеналиев |
| __________________ |
|
|
|
Б. Кундузбеков |
| __________________ |