КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 13-февралы № 47
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан
чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясына, 28-статьясынын 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө адамдардын өтүнүчтөрү тиркелген тизмеге ылайык канааттандырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 13-февралында https://president.kg/kg/news/all/40097 расмий сайтында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |