Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы N 18 токтомуна) |
Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү жана эсепке алуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү жана эсепке алуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү тартибин жана методун аныктайт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик оператор - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жак болуп саналган "Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коому;
мурдагы берүүчү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган жана төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келген юридикалык же жеке жак:
- мурунку мезгилде же тарифтик квота белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку жылдын ичинде берүүчү өлкөлөрдөн "ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосунда жана "эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу" бажы режиминде ташып келүүнү ишке ашырат;
- тарифтик квота белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку жылдын ичинде товарды ташып келүүнүн көлөмү коммерциялык пайдалуу сандан аз болбоого тийиш;
жаңы берүүчү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган, товардын мурдагы берүүчүсү болуп саналбаган юридикалык же жеке жак;
берүүчү өлкөлөр - Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) катышкан өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүлбөгөн же товарга карата эркин соода режиминен алып салуулар болгон өлкөлөр;
мурдагы берүүчү тарабынан товарды ташып келүүнүн көлөмү - берүүчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн, өткөн мезгилде "ички керектөө үчүн чыгарылган" бажы жол-жобосунда жана "эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган" бажы режиминде Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарлардын натуралай туюнтмадагы саны;
тарифтик квота - үчүнчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүүнү жөнгө салуу чарасы, анда белгилүү бир мезгилдин ичинде белгиленген сандын чегинде (натуралай же нарктык туюнтмада) жана мындай сандан ашык ташылып келген товарларга карата ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин (мындан ары - ББТ) ташып келүү бажы алымдарынын дифференцияланган ставкаларын колдонуу каралат;
тарифтик квотанын көлөмү - Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен белгиленген тарифтик квотанын алкагында ташып келүү үчүн бөлүнгөн эттин натуралай же нарктык туюнтмадагы саны;
товар - берүүчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн, аларга карата тарифтик квота белгиленген эттин айрым түрлөрү;
коммерциялык пайдалуу сан - салмагы 25 кг ашкан товардын көлөмү;
мурдагы мезгил - тарифтик квота белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку үч жыл.
2-глава. Тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү тартиби
3. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жыл сайын тарифтик квоталар белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку жылдын 10-ноябрына чейин интернет-ресурска аларга карата тарифтик квота белгиленип жаткан товардын аталышы жөнүндө, этти берүүчүлөр үчүн аныкталган тарифтик квотанын көлөмү жөнүндө маалыматты тарифтик квоталар боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнү камсыздоо үчүн байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен жайгаштырат.
Мамлекеттик оператордун, мурдагы берүүчүлөрдүн жана жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду), чочконун этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0203 коду) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү ушул Эрежелер менен аныкталган мамлекеттик оператордун, мурдагы берүүчүлөрдүн жана жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталарды бөлүштүрүү методдоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органга тышкы соода ишинин катышуучулары боюнча этти ташып келүүнүн натуралай жана нарктык көлөмдөрү, 0202, 0203, 0207 позицияларында классификациялануучу ЕАЭБ тышкы соода ишинин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) 10 белгисинин деңгээлинде бажы жол-жоболорун көрсөтүү менен чыккан өлкөлөр жөнүндө маалыматты берет:
Көрсөтүлгөн маалымат ички керектөө үчүн товар чыгарылган дата боюнча түзүлөт.
5. Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жыл сайын, тарифтик квота бекитилген жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин мамлекеттик оператордун, мурдагы берүүчүлөрдүн жана жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда жыл сайын белгиленген тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрөт:
1) мамлекеттик операторго:
- ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду) ташып келүүгө тарифтик квотанын белгиленген көлөмүнүн 50%ы;
- 50% - канаттуулардын эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду);
2) мурдагы берүүчүлөргө:
- ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду) ташып келүүгө тарифтик квотанын белгиленген көлөмүнүн 30%ы;
- 50% - чочконун эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0203 коду);
- 30% - канаттуулардын эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду);
3) жаңы берүүчүлөргө:
- ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду) ташып келүүгө тарифтик квотанын белгиленген көлөмдөрүнүн 20%ы;
- 50% - чочконун эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0203 коду);
- 20% - канаттуулардын эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду).
6. Тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын эксперттик корутундусун берүү үчүн негиз болуп саналат.
7. Этти берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча импорттоого квота бөлүп берүүгө өтүнмөнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Өтүнмөгө берүүчүнүн мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтер тиркелет:
- өтүнмө ээсинин расмий каты;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн же жеке ишкерди (жеке жакты) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- милдеттүү түрдө орус тилине котормосу жана тиркеменин реквизиттеринин (келишимдин номери жана түзүлгөн датасы) болушу менен тышкы соода келишиминин көчүрмөсү;
- документтер өкүл аркылуу берилген учурда - ишеним кат, ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
- ветеринардык кызмат мекемелеринин реестринен көчүрмө бөлүк (көчүрмө).
Берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн жыйынтыгы агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлгөн комиссиянын (мындан ары - комиссия) протоколу менен бекитилет.
Комиссия мамлекеттик оператордон тышкары, төмөнкү учурларда этти берүүчүлөр үчүн квоталарды берүүдөн баш тартууга, ошондой эле бөлүнгөн квотаны чакыртып алууга укуктуу:
- ишкана акыркы эки жылда, анын ичинде мурда берилген эт боюнча салык жана камсыздандыруу милдеттенмелерин аткаруудан качканда же салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын бар/жок экендиги жөнүндө маалымкаты жок болгондо;
- бир эле ошол уюштуруучусу болгон ишканалар квота алууга өтүнмө бергенде (квоталарды адилеттүү бөлүштүрүү максатында квота алууга бир эле ошол уюштуруучусу болгон бир гана ишкана катышууга укуктуу);
- ишкана алынган квотаны башка ишканага кайра сатканда, же болбосо алдамчылык операцияларын жүргүзгөндө (укук коргоо же башка мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча).
Мамлекеттик оператордон тышкары, этти берүүчүлөр квотаны алган учурдан тартып үч айдын ичинде алынган эттин көлөмүнүн 30%ын берүүнү жүзөгө ашырууга тийиш, берилбеген учурда тарифтик квота автоматтык түрдө жокко чыгарылат жана комиссиянын кабыл алынган чечимине ылайык андан ары кайра бөлүштүрүлүүгө тийиш.
Тарифтик квотанын бөлүштүрүлгөн көлөмү үчүнчү жактарга берилүүгө жана сатылууга тийиш эмес. Бул тартипти бузгандыгы үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын алдында түзүлгөн комиссия ушул Эрежелердин алкагында:
- тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүгө тышкы соода ишинин катышуучуларынын өтүнмөлөрүн жана аларга тиркелген документтерди карайт;
- мамлекеттик оператордун, мурдагы жана жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн жыйынтыгын протокол менен бекитет;
- ушул Эрежелерде каралган учурларда тарифтик квотаны берүүдөн баш тартуу, мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмдөрүн жокко чыгаруу жана чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- колдонулбаган жана жокко чыгарылган тарифтик квоталардын көлөмдөрүн кайра бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- тышкы соода иштин катышуучулары тарабынан бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмдөрүн пайдалануу шарттарынын сакталышын контролдойт.
Комиссия өз ишин ушул Эрежелерге жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилген комиссия жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3-глава. Мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталарды бөлүштүрүү методу
8. Мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду), чочконун этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0203 коду) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү ушул Эрежелердин алкагында эки этап менен жүзөгө ашырылат.
9. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жыл сайын:
1) тарифтик квота белгиленген жылдан мурунку жылдын 10-декабрына чейин мамлекеттик оператордун жана мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда мурдагы берүүчүлөр үчүн аныкталган тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн биринчи этабын жүзөгө ашырат;
2) тарифтик квота белгиленген жылдын 10-апрелине чейин мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда мурдагы берүүчүлөр үчүн аныкталган тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн экинчи этабын жүзөгө ашырат.
10. Биринчи этаптын алкагында мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда мурдагы берүүчүлөр үчүн аныкталган тарифтик квоталардын көлөмүнүн 25 пайызы бөлүштүрүлөт.
Ар бир мурдагы берүүчүнүн тарифтик квотасынын көлөмүн эсептөө төмөнкү формула боюнча ар бир берүүчү үчүн эттин ар бир түрү боюнча өзүнө жүргүзүлөт:
мында:
- биринчи этаптын алкагында мурдагы берүүчүгө бөлүштүрүлгөн тарифтик квотанын көлөмү, килограмм менен;
Q - мурдагы берүүчү үчүн аныкталган тарифтик квотанын жылдык көлөмү, килограмм менен;
- мурдагы мезгилдин биринчи жылында мурдагы берүүчү тарабынан товарды ташып келүүнүн көлөмү, килограмм менен;
- тарифтик квота белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку жылдын 9 айында мурдагы берүүчү тарабынан товарды ташып келүүнүн көлөмү, килограмм менен;
- тарифтик квота белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку жылы ташып келүүнү жүзөгө ашырган бардык мурдагы берүүчүлөр тарабынан мурунку мезгилдин биринчи жылында товарды ташып келүүнүн көлөмү, килограмм менен;
- тарифтик квота белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын аймагына бардык мурунку берүүчүлөр тарабынан товарды ташып келүүнүн көлөмү, килограмм менен.
11. Экинчи этаптын алкагында мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда мурдагы берүүчүлөр үчүн аныкталган тарифтик квоталардын көлөмүнүн калган 75 пайызы бөлүштүрүлөт.
Ар бир мурдагы берүүчүнүн тарифтик квотасынын көлөмүн эсептөө төмөнкү формула боюнча ар бир берүүчү үчүн товардын ар бир түрү боюнча өзүнчө жүргүзүлөт:
мында:
- экинчи этаптын чегинде мурдагы берүүчүгө бөлүштүрүлгөн тарифтик квотанын көлөмү, килограмм менен;
Q - мурдагы берүүчү үчүн аныкталган тарифтик квотанын жылдык көлөмү, килограмм менен;
- биринчи этаптын чегинде мурдагы берүүчүгө бөлүштүрүлгөн тарифтик квотанын көлөмү, килограмм менен;
V - келерки мезгилдеги мурдагы берүүчү алып келген товардын көлөмү, килограмм менен;
- тарифтик квота белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку жылы ташып келүүнү жүзөгө ашырган бардык мурдагы берүүчүлөр тарабынан мурунку мезгилде товарды ташып келүүнүн көлөмү, килограмм менен.
12. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын комиссиясы ушул Эреженин 11-пунктуна ылайык бөлүштүрүүгө өтүнмөнү кабыл алуу мөөнөтү аяктаган күндөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде берүүчүлөрдүн ортосунда квоталарды бөлүштүрөт.
Көлөмдөрдү бөлүштүрүүдө тарифтик квоталардын калдыгы калган учурда, калдыктарды бөлүштүрүүгө катышууга өтүнмө берген берүүчүлөрдүн ортосунда бирдей үлүштө аны кайра бөлүштүрүү ишке ашырылат. Калдыктарды бөлүштүрүүгө мурдагы жана жаңы берүүчүлөр катыша алат.
13. Ушул Эрежелердин 10 жана 11-пункттарында белгиленген формулалар боюнча жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн натыйжалары математикалык жактан бир бүтүн санга чейин тегеректелет (килограммдын маанисине чейин).
Эгерде эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча мурдагы берүүчү үчүн тарифтик квотанын алынган көлөмү коммерциялык жактан пайдалуу сандан аз болсо, анда бул көлөм калган мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлөт.
14. Бөлүнүп берилген тарифтик квотанын көлөмүн пайдаланбаган мурдагы берүүчүлөр кийинки 1 жылдын ичинде тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүүдө катыша алышпайт.
Тарифтик квоталардын көлөмдөрү бөлүштүрүлгөндөн кийин эки айдын ичинде мурдагы берүүчү тарифтик квоталардын көлөмдөрүнүн бөлүнүшү тууралуу жазуу түрүндө тастыктоону алууга милдеттүү. Эки айдан кийин, мурдагы берүүчү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органда жазуу түрүндө тастыктоону калтырган учурда, ыйгарым укуктуу орган мурдагы берүүчүгө мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
15. Мурдагы берүүчү тогуз айдын ичинде квотанын алынган көлөмүнүн 70%ын алып келиши керек, эгерде алып келинбесе, тарифтик квота автоматтык түрдө жокко чыгарылат.
4-глава. Жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталарды бөлүштүрүү методу
16. Жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду), чочконун этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0203 коду) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду) ташып келүү үчүн тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү тиешелүү жылга тарифтик квотанын көлөмү белгиленгенден кийин 15 календардык күн өткөндө, жаңы берүүчүлөр тарабынан аныкталган, жылдык тарифтик квотанын жалпы көлөмүнөн ар бир берүүчүгө 15%дан ашпаган көлөмдө товардын айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча импорттоо үчүн квотаны бөлүштүрүү жөнүндө жаңы берүүчүлөрдүн өтүнмө берген кезектүүлүгүнүн тартиби боюнча ишке ашырылат.
Тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүдөн кийин калган калдыктар кайра бөлүштүрүүгө катышуу өтүнмөсүн берген жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүлөт.
17. Жаңы берүүчүлөр үчүн каралган ташып келүүгө тарифтик квотанын көлөмү ал толук бүткөнгө чейин бөлүштүрүлөт.
18. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган интернет-ресурста ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0202), чочконун этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0203) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0207) ташып келүүгө тарифтик квоталардын бөлүштүрүлгөн көлөмдөрү жана квота толук түгөнгүчө бөлүштүрүлбөй калган көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.
19. Отчеттук жылда бөлүнгөн тарифтик квотанын көлөмүн пайдаланбаган жаңы берүүчүлөр кийинки 1 жылда тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүүгө катышпайт.
Тарифтик квоталардын көлөмдөрү бөлүштүрүлгөндөн кийин жаңы берүүчү эки айдын ичинде тарифтик квоталардын көлөмдөрү бөлүнгөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону алууга милдеттүү. Эки ай өткөндөн кийин, жаңы берүүчү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органда жазуу жүзүндөгү ырастоону калтырган учурда, ыйгарым укуктуу орган жаңы жабдуучуга мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
20. Мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмүнөн жазуу жүзүндө баш тарткан жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жаңы берүүчүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бөлүнгөн тарифтик квотанын көлөмү бөлүштүрүлбөгөн болуп эсептелет.
Мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмүнөн жазуу жүзүндө баш тарткандан жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган лицензияны жокко чыгаруу же колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду), чочконун этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0203 коду) жана (же) канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрү жөнүндө маалыматтар агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын интернет-ресурсуна жайгаштырылат.
21. Жаңы берүүчү тогуз айдын ичинде алынган квотанын көлөмүнүн кеминде 80%ын алып келиши зарыл, эгерде ташылып келинбесе, тарифтик квота автоматтык түрдө жокко чыгарылат.
5-глава. Мамлекеттик оператордун квоталарды пайдалануусу
22. Мамлекеттик оператор ушул Эрежелерге ылайык бөлүнгөн ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрүнүн алкагында этти берүүнү өз алдынча же үчүнчү жактар менен биргелешкен иш жөнүндө келишимдерди түзүү аркылуу жүзөгө ашырат.
23. Биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу аркылуу мамлекеттик операторго бөлүнгөн квотанын чегинде этти ташып келүүнү жүзөгө ашырган учурда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик оператордун жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде мамлекеттик оператордун өнөктөшү болуп саналган адамга биргелешкен ишти жүзөгө ашырууну ырастаган келишимдин көчүрмөсү берилген шартта тиешелүү квоталарды берет.
24. Этти берүүнү жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө биргелешкен ишти жүзөгө ашырууда өнөктөштөрдү аныктоо жөнүндө чечим агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде мамлекеттик оператор тарабынан кабыл алынат.
Өнөктөштөрдү тандоо жана этти берүү боюнча адилеттүүлүктү жана ачыктыкты камсыздоо зарыл болгон учурда мамлекеттик оператор ушул Эрежелердин 10 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн эсептерди пайдаланууга тийиш.
25. Эгерде мамлекеттик операторго бөлүнгөн квоталарды толук көлөмдө өздөштүрбөй калуу тобокелдиги бар болсо, мамлекеттик оператор бул жөнүндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик оператордо болгон келишимдик милдеттенмелердин алкагында өздөштүрүүгө мүмкүн болбогон квоталардын көлөмүнүн бөлүгүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирет.
Көрсөтүлгөн учурда мамлекеттик оператор тарабынан пайдаланылбаган квоталар агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде тарыхый жана жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш.
6-глава. Бөлүнгөн тарифтик квоталарды, бөлүнгөн лицензияларды жана иш жүзүндө келген этти эсепке алуу
26. Бөлүштүрүлгөн квоталарды эсепке алуу агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
27. Берилген лицензияларды этти берүүчүлөр боюнча эсепке алуу экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бөлүштүрүлгөн көлөмдөрдүн чегинде гана жүргүзүлөт. Лицензия берүү үчүн негиз болуп агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген корутунду (эттин көлөмүн көрсөтүү менен алып келүүгө макулдук) эсептелет.
28. Экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органга ар бир лицензия боюнча чыккан өлкөсүн, бажы жол-жобосун жана ЕАЭБ ТЭИ ТНнын 10 маанилүү кодун көрсөтүү менен эт ташып келүүгө берилген лицензиялар (натуралай жана нарктык туюнтмада) жөнүндө маалымат берет.
29. Квоталарды, лизенцияларды жана иш жүзүндө келип түшкөн көлөмдөрдү эсепке алуу боюнча жалпы координациялоо кийинки жылга квоталардын көлөмүн аныктоо үчүн агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
Аталган маалымат ички керектөө үчүн эт продукциясы чыгарылган дата боюнча түзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү жана эсепке алуу эрежелерине тиркеме |
Форма
ӨТҮНМӨ
____________________________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы же жеке жактын аты-жөнү, ишкердин ИСН)
импорттоого квота бөлүп берүүнү сурайт:
ири мүйүздүү малдын эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0202) көлөмү ____________________ тонна;
чочконун эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0203) көлөмү _____________________ тонна;
канаттуулардын эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0207) көлөмү _____________________ тонна.
Жетекчи | ________________________ | __________________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Юридикалык жактар үчүн мөөр орду (датасы):
Жеке жактар үчүн паспорттук маалыматтар: ________________________________________