Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2- чакырылышынын кезексиз

11-сессиясы

 

2025-жылдын 5-сентябры №11-2

 

Дөбө-Коргон айыл аймагынын Алмалык участкасында №313 контурдагы 12,11 га  жерге кыш заводу курууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы И.Абдулхакимовдун Алмалык участкасындагы пайдаланылбай жаткан ынгайсыз жайыт жерлерине инвестор “Жчк Ош Тян-Шань” тарабынан кыш заводу курууга 12,11га жер ажыратып берүүнү сурап жазган сунушун, КыргызРеспубликасынын “Жер кодексинин”  11, 14-16, 20-беренелерине, Жер участокторун которуу (трансформациялоого) жөнүндө КыргызРеспубликасынын Мыйзамына, “КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинети” КыргызРеспубликасынын конституциялык мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык участкасындагы жайыт катары колдонулуп келген, бирок учурда жайыт катары жараксыз деп табылган №313 контуруна 12,11 гектар жер аянтына инвестор “Жчк Ош Тян-Шань” тарабынан кыш завод курууга макулдук берилсин.

2.Алмалык участкасындагы №313 контуруна кыш заводу курууга ажыратылган жер тилкесине мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн. 

 

Төрага:

А. Сатвалдиев