Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз

11-сессиясы

 

2025-жылдын 5-сентябры №11-5

 

Жаңы-Жол  айылында  чек араны кайтарып туруучу аскер бөлүгү (застава)  куруу үчүн жер тилкесин багытын өзгөртүү  жөнүндө ө

 

Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы И.Абдулхакимовдун Жаңы-Жол айылында чек араны кайтарып туруучу аскер бөлүгүнү (застава) куруу максатында айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондтон 1,0 га жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) сурап жазган сунушун, КыргызРеспубликасынын  Министрлер Кабинетиндеги 2024-жылдын 4-ноябрындагы  № 665  токтому “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” жобого  ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Жол айылында чек араны кайтарып туруучу аскер бөлүк (застава) куруу үчүн №3,4 контурундагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондтон 1,0 га жер тилкесин багытын өзгөртүү (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Жаңы-Жол айылында чек араны кайтарып туруучу аскер бөлүгү (застава) куруу үчүн №3,4 контурундагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондтон 1,0 га жер тилкесин ажыратылып мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Сатвалдиев