Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз

11-сессиясы

 

2025-жылдын 5-сентябры №11-6

 

Дөбө-Коргон айыл аймагынын Тепе-Коргон айылынын Япчан  участкасын Ынтымак аталышына  өзгөртү жөнүндө

 

Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы И.Абдулхакимовдун Тепе-Коргон айылынын “Япчан”  участкасын “Ынтымак” аталышына  өзгөртүп берүүнү сурап жазган сунушун, КыргызРеспубликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине жана “Административдик аймактык түзүлүш жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Тепе-Коргон айылындагы Япчан участогунун атын “Ынтымак ” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.Мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Сатвалдиев