Редакцияот 17.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги

13-сессиясы

 

2025-жылдын 17-октябры №13-1

 

Дөбө-Коргон  айыл өкмөтүнүн    2026-жылга карата  дем берүүчү грантка жана өнүктүрүү фондоруна проекттерин өткөрүү жөнүндө

 

Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кадыров  тарабынан сунуш даярдалып, 2026-жылга карата  дем берүүчү грантка жана өнүктүрүү фондоруна проекттерин өткөрүү үчүн өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүүнү депутаттар угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2026-жылга карата дем берүүчү грантка жана өнүктүрүү фондоруна проекттерин өткөрүү үчүн өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.2026-жылга карата дем берүүчү грантка жана өнүктүрүү фондоруна проекттерин өткөрүү айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө айыл өкмөт башчысы У.Кадыровго жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Сатвалдиев