Редакцияот 17.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги

13-сессиясы

 

2025-жылдын 17-октябры №13-2

 

Араван районун  Дөбө-Коргон  айыл өкмөтүнүн    2025-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше чыгаша  бөлүгүнө өзгөртүү   киргизүү жөнүндө

 

Дөбө-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2025–жылга индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, Дөбө-Коргон  айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, атайын комиссияда талкууланып, айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айылдык кеңешинин 2025–жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин  киреше жана   чыгаша бөлүгүнө  өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап,              Дөбө-Коргон  айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн каражаттарынын өзгөрүүлөрүнө № 1 тиркеме боюнча өзгөртүү киргизилсин (№1 тиркеме тиркелет).

2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн каражаттарынын өзгөрүүлөрүнө № 2 тиркеме боюнча өзгөртүү киргизилсин (№2 тиркеме тиркелет).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловко жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Сатвалдиев