Редакцияот 17.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз

13-сессиясы

 

2025-жылдын 17-октябры №13-11

 

Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын  18-мартындагы №234 “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагынын 2025-2030-жылдарга карата өнүктүрүү программасы бекитилсин.

2.2025-2030-жылдарга карата өнүктүрүү программасы негизинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы У.Кадыровго жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Сатвалдиев