Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын кезексиз он үчүнчү сессиясы

 

2025-жылдын 9-сентябры № 13/1

Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө

 

          Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2024-жылдагы 6-декабрындагы №194 Тынчтык жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кара-Кочкор айыл аймагында төмөнкү убакыт аралыгында үн басымын жана ызуу-чуунун белгиленген денгээлдеринен ашууга жол берилбесин:

 

- жумуш күндөрү-саат 22:00дөн 07:00гө чейин.

- дем алыш, майрам күндөрү-саат 22:00дөн 09:00гө чейин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун-басар жооптуу катчысы И.Курманбаевке жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулуктуу, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага  

Мухамедысак уулу Э.