Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын кезексиз он төртүнчү сессиясы

 

2025-жылдын 10-октябры № 14/6

Кара-Кочкор   айылындагы “Гүлүмкан ажы апа” балдар бакчасын ремонтоо жана кошумча курулуш курууга өздүк салым үчүн 430 000 (төрт жүз отуз миң) сом акча каражатын Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн  бюджетинен  бөлүп берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Респбуликасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 санду “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34”-Айылдык Кенештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү”, 3-“Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы  жөнүндөгү бөлүмчөлөрүн  жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кара-Кочкор айылындагы “Гүлүмкан ажы апа” балдар бакчасын ремонтоо жана кошумча курулуш курууга өздүк салым үчүн 430 000 (төрт жүз отуз жүз миң) сом акча каражаты Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берилсин.

2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 

Төрага  

Мухамедысак уулу Э.