Редакцияот 17.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын кезексиз он бешинчи сессиясы

 

2025-жылдын 17-ноябры № 15/4

Жаны-Талап    айылындагы маданият үйүнүн имаратын капиталдык ондоп, түзөө  иштери үчүн  Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын  бюджетинен акча каражатын   бөлүп берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Респбуликасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 санду “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34”-Айылдык Кенештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү”, 3-“Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы  жөнүндөгү бөлүмчөлөрүн  жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Жаңы-Талап айылындагы маданият үйүнүн имаратын капиталдык ондоп, түзөө иштерине өздүк салым үчүн Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен 880 720 (сегиз жүз сексен миң жети жүз жыйырма) сом акча каражаты бөлүп берилсин.

2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 

Төрага  

Мухамедысак уулу Э.