Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз алтынчы сессиясы

 

2025-жылдын 1-августу  № 6/2

Кара-Кулжа айыл аймагынын 2025-жылдан 2030-жылдарга түзүлгөн  социалдык- экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) бекитүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын 20 - октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын “Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу жөнүндөгү” 34-беренесинин  3-бөлүмчөсүн,        Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин 88 беренесин  жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл аймагынын 2025-жылдан 2030-жылга чейин түзүлгөн  социалдык- экономикалык өнүгүү планы (СЭӨП)жөнүндөгүайыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Кулжа айыл аймагынын 2025-жылдан 2030-жылдарга түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП) бекитилсин.

 

2. Айыл аймагынын 2025-жылдан 2030-жылга чейин түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү программасында (СЭӨП) камтылган иш чаралардын аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Б.Эрмекбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага  

Т. Топчубаева