Редакцияот 13.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз онунчу сессиясынын  жыйналышы

 

2025-жылдын 13-ноябры  № 10/1

 

Ой-Тал айыл аймагындагы муниципалдык маанидеги обьекттерди жана көчөлөрдү атоо жана кайра атоо жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

 

       Ой-Тал айыл аймагынын башчысынын Ой-Тал айыл аймагындагы муниципалдык маанидеги обьекттерди жана көчөлөрдү атоо жана кайра атоо жөнүндө жобону бекитүү боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши             

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ой-Тал айыл аймагындагы муниципалдык маанидеги обьекттерди жана көчөлөрдү атоо жана кайра атоо жөнүндө жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2.Ой-Тал айыл өкмөтү Ой-Тал айыл аймагындагы муниципалдык маанидеги обьекттерди жана көчөлөрдү атоо жана кайра атоодо бекитилген жобону жетекчиликке алсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

 К.Т. Кийизбаев