Редакцияот 24.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз

он биринчи сессиясынын жыйналышы

 

2025-жылдын 24-ноябры  № 11/1

 

Ой-Тал айыл аймагынын Ой-Тал айылындагы К.Орунбеков орто мектебинин аймагына курулган кичи футбол аянтчага Ой-Тал айылынын тургуну Токтогулов Муратали Чодоновичтин атын ыйгаруу жөнүндө

       Ой-Тал айыл аймагынын Ой-Тал айылындагы К.Орунбеков орто мектебинин аймагына курулган кичи футбол аянтчага Ой-Тал айылынын тургуну Токтогулов Муратали Чодоновичтин атын ыйгаруу боюнча Ой-Тал айыл аймагынын  башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун   маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши               

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ой-Тал айыл аймагынын Ой-Тал айылындагы К.Орунбеков орто мектебинин аймагына курулган кичи футбол аянтчага Ой-Тал айылынын тургуну Токтогулов Муратали Чодоновичтин аты ыйгарылсын.

2.Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Ой-Тал айылы аймагынын башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( Э.Үркүнов) тапшырылсын.

 

Төрага:

 

 К.Т. Кийизбаев