Редакцияот 24.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз

он биринчи сессиясынын жыйналышы

 

2025-жылдын 24-ноябры  № 11/2

 

Ой-Тал айыл аймагынын Ничке-Суу айылындагы “Ничке-Суу” башталгыч мектебинин имаратына мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга макулдук берүү жөнүндө

       Ой-Тал айыл аймагынын Ничке-Суу айылындагы “Ничке-Суу” башталгыч мектебинин имаратына мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу боюнча Ой-Тал айыл аймагынын  башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун   маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши                 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ой-Тал айыл аймагынын Ничке-Суу айылындагы “Ничке-Суу” башталгыч мектебинин имаратына мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга макулдук берилсин.

2.Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Ой-Тал айыл аймагынын башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.

3.Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   Ой-Тал  айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( Э.Үркүнов) тапшырылсын.

 

Төрага:

 

 К.Т. Кийизбаев