Редакцияот 24.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз

он биринчи сессиясынын жыйналышы

 

2025-жылдын 24-ноябры  № 11/4

 

Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы калкты тейлөө борборун оңдоо максатында Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына жазылган долбоордун өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

       Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы калкты тейлөө борборун оңдоо максатында Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына жазылган долбоордун өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүү боюнча Ой-Тал айыл өкмөтүнүн  башчысы С.Аматбек уулунун    маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши                 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы калкты тейлөө борборун оңдоо максатында Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына жазылган долбооруна өздүк салым катары Ой-Тал айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен 2 090 630 (эки миллион токсон миң алты жүз отуз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулуна милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.

 

Төрага:

 

 К.Т. Кийизбаев