Редакцияот 30.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз

он экинчи сессиясынын жыйналышы

 

2025-жылдын 30-декабры  № 12/1

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24.11.2025-жылдагы №11/5 “Ой-Тал айыл аймагына оор жүк ташуучу автоунаа сатып алуу максатында Кара-Кулжа өнүктүрүү фондуна жазылган  долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

       Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24.11.2025-жылдагы №11/5 “Ой-Тал айыл аймагына оор жүк ташуучу автоунаа сатып алуу максатында Кара-Кулжа өнүктүрүү фондуна жазылган  долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулунун   маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши                   

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24.11.2025-жылдагы №11/5 токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй болуп окулсун.

- Ой-Тал айыл аймагына оор жүк ташуучу автоунаа сатып алуу максатында Кара-Кулжа өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорго өздүк салым катары Ой-Тал айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен 1 623 510 (Бир миллион алты жүз жыйырма үч миң беш жүз он) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулуна милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.

 

Төрага:

 

 К.Т. Кийизбаев