Редакцияот 30.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз

он экинчи сессиясынын жыйналышы

 

2025-жылдын 30-декабры  № 12/2

 

Ой-Тал  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнө 2025-жылга каралган лимитинен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдү жергиликтүү бюджеттен каржылоосун карап берүү  жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2025-жылдын лимитинен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдү жергиликтүү бюджеттен каржылоосун карап берүү тууралуу Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Алтынбек кызынын маалыматын, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши                   

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Берилген лимиттен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдүн суммасын Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кара-Кулжа каржы башкармалыгынан суралсын.

2. Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2025-жылдын лимитинен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн 62 089,43 (алтымыш эки мин сексен тогуз ) сом акча каражатын Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасына 2025-жылдын бюджетинин кошумча түшкөн кирешесинен төлөп берүү милдеттендирилсин.

3. Бюджетке толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Алтынбек кызына милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.

 

Төрага:

 

 К.Т. Кийизбаев