Редакцияот 29.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги

он үчүнчү сессиясынын жыйналышы

 

2026-жылдын 29-январы  № 13/1

 

Ой-Тал айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардак наамын ыйгаруу боюнча кабыл алынган жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

 

Ой-Тал айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардак наамын ыйгаруу боюнча кабыл алынган жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Ой-Тал айыл аймагынын башчысынын орун басар-жооптуу катчысы А.Бакашованын маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши                        

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 10.10.2025-жылдыгы № 9/3 токтому менен бекитилген, Ой-Тал айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардак наамы тууралуу жобонун 3-бөлүмүнүн 6-пункту төмөндөгүдөй окулсун:

- ар жылы наам бир же бир нече адамга ыйгарылышы мүмкүн. Бирок жыл ичинде эң көп дегенде 5 адамга чейин ыйгаруу сунушталат;

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

 К.Т. Кийизбаев