Редакцияот 29.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги

он үчүнчү сессиясынын жыйналышы

 

2026-жылдын 29-январы  № 13/3

 

Ой-Тал айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кичи Талды-Суу участкасына айыл макамын берүү  жөнүндө

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин Регламентинин  2-бөлүгүнүн 2-беренесинин 6-пунктунун негизинде, Ой-Тал айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кичи Талды-Суу участкасына айыл макамын берүү  жөнүндө Ой-Тал айыл аймагынын башчысынын орун басар-жооптуу катчысы А.Бакашованын маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши                        

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ой-Тал айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кичи Талды-Суу участкасына айыл макамын берүүгө макулдук берилсин.

2.Айыл макамын алууга тиешелүү документтерди даярдап, Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясына тапшыруу жагы Ой-Тал айыл аймагынын башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

 К.Т. Кийизбаев