Редакцияот 29.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги

он үчүнчү сессиясынын жыйналышы

 

2026-жылдын 29-январы  № 13/5

 

2025-жылдын жыйынтыгы менен Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы  жөнүндө

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин Регламентинин  2-бөлүгүнүн 2-беренесинин 2 жана 5-пунктарынын талаптарына ылайык, Ой-Тал айыл аймагынын социалдык–экономикалык абалын көтөрүү  максатында Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун  2025-жыл ичинде аткарган иштери  тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши                      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ой-Тал айыл аймагынын социалдык–экономикалык абалын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун 2025-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы «Канааттандырарлык» деп белгиленсин.

2.2026-жылдын ичинде Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулга төмөнкүлөр милдеттендирилсин:

- айыл өкмөттүн 2025-2030-жылдарга карата Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу;

- айыл өкмөтүнүн бюджетин максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу;

- “Ой-Тал-Таза суу-Жайыт” муниципалдык ишкансынын ишин жөнгө салуу;

- ички чарбалык жолдордо кеңейтүү иштерин жүргүзүү;

- калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу;

- айылдарда таштанды таштоочу полигондорду уюштуруу;

- айылдарда ички көчөлөрдү жарыктандырууну колго алуу;

- айыл аймагына тартылган инвестициялардын өз убагында натыйжалуу пайдаланууну колго алуу;

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын. 

 

Төрага:

 

 К.Т. Кийизбаев