Редакцияот 29.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги

он үчүнчү сессиясынын жыйналышы

 

2026-жылдын 29-январы  № 13/7

 

Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгымдоо болбой калган киреше каражаттарын  айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетине бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” талаптарына ылайык Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгымдоо болбой калган киреше каражаттарын  айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетине бекитүү боюнча Ой-Тал айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Алтынбек кызынын берген сунушун угуп жана талкуулап  Ой-Тал айыл аймагынын  айылдык кеңеши                       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгымдоо болбой калган 4 879,9 сом киреше каражаттары айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетине кошумча бекитилсин.

2. Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгымдоо болбой калган киреше каражаттарынын чыгашалары №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. 

3.Бул токтомдун   аткарылышын камсыз кылуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  финансы-экономика  бөлүмүнүн башчысы А.Алтынбек кызына   милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  Ой-Тал айылдык  кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков)  тапшырылсын.

 

Төрага:

 

 К.Т. Кийизбаев