Редакцияот 04.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясынын жыйыны

2025-жылдын 4-ноябры № 7/9

Сары-Таш айылындагы Т.Назаров атындагы негизги мектебине интерактивдүү панель алууга Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоордун өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын  3-главасынын 34-беренесинин жана  Ылай-Талаа  айыл аймагынын айылдык   кеңешинин Регламентинин  1-бөлүгүнүн 2-главасынын  2.2-пунктуна  -“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа  айыл аймагынын айылдык   кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сары-Таш айылындагы Т.Назаров атындагы негизги мектебине интерактивдүү панель алуу үчүн Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган бюджетинин эсебинен 44 000 ( кырк төрт миң ) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошовага милдеттендирилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.

 

 

Төрага:

А. Мойдунов