Редакцияот 23.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2026-жылдын 23-январы  №1/7

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2026-жылга

карата иш планын бекитүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2025-жылга карата туруктуу комиссияларынын иш пландары боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34, 37-беренелерин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2026-жылга карата иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (иш план тиркелет).

2. Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларына кабыл алынган иш план боюнча айыл өкмөтү менен биргеликте иш алып баруу жагы жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек