Редакцияот 27.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2026-жылдын 27-январы  №1/8

 

Керме-Тоо айыл аймагындагы негизги  С. Эшматов көчөсүнүн жол четиндеги бак дарактарды кыюу жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңеши күн тартибине коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу негизги С. Эшматов көчөсүнүн жол четиндеги тал-теректерди кыюу жана жол четин кеңейтүүнү колдоо иретинде Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясытөмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн негизги С. Эшматов көчөсүнүн жол четиндеги тал-теректерди кыюу жана жол четин кеңейтүү демилгеси жактырылсын.

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн негизги С. Эшматов көчөсүнүн жол четиндеги тал-теректерди кыюу жана жол четин кеңейтүүдө тал-терек ээлерине эскертүүлөр берилип, туура түшүндүрүү иштери жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек