Редакцияот 27.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2026-жылдын 27-январы  №1/12

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Манас -1  көчөсүндөгү 160-кВА электр чордонун Араван РЭТ нын балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Манас-1 көчөсүндө жайгашкан 160 кВА электр чордонун Араван РЭТ нын балансына өткөрүү боюнча маселени талкуулап Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Манас-1 көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, жергиликтүү жашоочуларды калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 160 кВА электр чордонун Араван РЭТ нын балансына өткөрүп берүү боюнча макулдук каты канааттандырылсын.

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Манас-1 көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, жергиликтүү жашоочуларды калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 160 кВА электр чордонун Араван РЭТнын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Манас-1 көчөсүндөгү жергиликтүү жашоочуларды калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 160 кВА электр чордонун Араван РЭТ нын балансына өткөрүүдө тийиштүү иш кагаздары Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек