Редакцияот 23.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2026-жылдын 23-январы  №1/13

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын  2025-жылга аткарылышы жана 2026-жылга  бюджетин

бекитүү жөнүндө

 

Керме-Тоо  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын 2025-жылга аткарылышы боюнча маалыматы жактырылсын.

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын 2026-жылга бюджети киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын тиркемеге ылайык 2026-жылга сметасы бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек