Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 26-февралындагы №6
«Турак имаратка жана жайга мүлк салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесине ылайык, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 19-февралындагы № 01-16-105 сандуу катынын негизинде Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесине ылайык 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак имаратка жана жайга мүлк салыгы 1 чарчы метр үчүн 15 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровго милдеттендирилсин.
4.Көзөмөлдөө Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н.Мадалиев |