Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 26-февралындагы №7
«Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүндө маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө Типтүү жобону бекитүү жөнүндө»
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүндө маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
3.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровго милдеттендирилсин.
4.Көзөмөлдөө Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н.Мадалиев |