Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 26-февралындагы №7
«Бүргөндү-Достук айыл аймагынын айылдык
кеңешинин токтомдору жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы № 743-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын ченемдик укукту актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндөгү” жобосунун 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы № 184 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” типтүү жобосуна ылайык Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 5 сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” типтүү жобосуна ылайык Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү-Достук айылдык
кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н.Мадалиев |