Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 13-февралы № 43
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык башталган мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 141 Мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу аягына чыкпай калган конкурстук жол-жоболор жогоруда көрсөтүлгөн Жободо белгиленген жол-жоболор боюнча аягына чыгарылууга тийиш;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервине киргизилген адамдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизилген деп эсептелет жана анда аталган Жободо белгиленген болуу мөөнөтү аяктаганга чейин турат;
3) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кайра уюштурулушуна байланыштуу аягына чыкпай калган конкурстук жол-жоболор ушул Жарлыктын 2-пунктунун 1, 2-пунктчаларында белгиленген тартипте тиешелүү түрдө укук мураскери болуп саналган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аягына чыгарылууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 321 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кадрлар резервдерин түзүү жана алардын иштөөсү чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |