Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 25-мартындагы №1
«Бүргөндү-Достук айыл аймагынын 2025-жылга бюджетине
өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
КРнын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамына ылайык Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылдын 10-февралындагы “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорду ишке ашыруучу ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшин Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы менен түзүлгөн гранттык келишимдин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражаттар эсебинин кирешесинин 14411100 учурдагы жардам статьясы 125 000,00 (жүз жыйырма беш миң) сомго, чыгаша бөлүгүнүн 2215 ар түрдүү чыгымдар беренесине 95 000,00 (токсон беш миң) сом, 3112 Машиналар жана жабдуулар беренесине 30 000,0 (отуз миң) сомго өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору (Хельветас) менен түзүлгөн келишимдин негизинде бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Н.Абдышовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н.Мадалиев |